Кыргызстан жана Өзбекстан делегациясынын чек араны демаркациялоо боюнча алгачкы жолугушуусу өттү

Бишкекте 5-майдан 7-майга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселелерди макулдашуу тууралуу сөз болду. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн өкүлдөрү маселени достук маанайда талкуулап, кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салган документтерди макулдашууга жетишти.

Минкабдан делегациялардын кийинки жолугушуусу Өзбекстанда өтөрүн белгилешти.

Кыргыз-өзбек чек арасында эмне болду эле?

Кыргыз-өзбек чек арасында үч кыргызстандыкка Өзбекстандын чек арачылары ок чыгарган. Бул тууралуу 6-майда УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, окуя 5-май күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл аймагына караштуу Дөбө-Коргон айылында болгон.

«Өзбек чек арачылары аткан октон 48, 24, 22 жаштагы үч кыргыз жараны жарадар болгон. Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, бирок эсине келбей каза болду» , — деп кабарлашкан мекемеден.

Ок атылган окуя болгон Ак-Там айыл аймагынын башчысы Мирлан Камчыбеков «Азаттыкка» каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушканын билдирген.

Кийинчирээк УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү жолугуп, үч кыргыз жараны көз жумган инцидент боюнча өз версияларын айтканын маалымдаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, кыргыз тарап чек ара тилкесинен 50-55 метр аралыкта, Кыргызстандын аймагында гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара отряды кыргызстандыктарга ок чыгарганы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Андан тышкары, кыргыз жарандары каза болгон жерден 80 метр аралыкта 2000 кг селитра табылган.

Өзбекстандын өкүлү каза болгондор мамлекеттик чек арадан минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганын билдирген. Ал мыйзам бузгандар чек арачыларга таш ыргытып, алар курал колдонууга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Тараптар чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны кокустан бузган учурда чек ара кызматына курал колдонууга кескин түрдө тыюу салууну макулдашкан.