Кыргыз-өзбек чек арасында үч кыргызстандык каза тапты. Аларга Өзбекстандын чек арачылары ок чыгарган. Бул тууралуу 6-майда УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 5-май күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Актам айыл аймагына караштуу Дөбө-Коргон айылында болгон. Өзбек чек арачылары аткан октон 48, 24, 22 жаштагы кыргыз жарандары жарадар болгон. Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, бирок эсине келбей каза болду.
Чек ара кызматынан окуянын чоо-жайы такталып жатканын белгилешти. Бул баюнча 5-майда Чек ара кызматынын Ала-Бука багыты боюнча өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек арага жооптуу өкүлү менен жолуккан.
Натыйжада эки тарап ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 6-майда кайрадан жолугууну макулдашканы белгиленди.
Ведомстводон окуя баюнча тийиштүү органдарга маалымат берилип, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
Буга чейин 5-апрелде дагы кыргыз–өзбек чек арасында курал колдонулган чыр-чатак чыгып, өзбек чек арачылары эки кыргызстандыкты аткан. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстандын бир нече жараны Өзбекстандын аймагына ат менен мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылышкан. Чек ара кызматы эки тараптын чек ара өкүлдөрү өз алдынча иликтөө жүргүзө турганын билдирген.
Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасындагы аныкталбаган тилкелердеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам айыл-кыштактарда кагылышуулар байма-бай болуп турат.
Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 314 километрди түзөт — 2017-жылдагы ратификациялоо мыйзамына ылайык анын 1 170и такталган болуп эсептелет.
Бирок өткөн жылы 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилгенин маалымат жыйында билдирген. Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Атайын кызматтын башычысы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген чек ара боюнча маселелерди чечүү боюнча комиссиялар Ташкентте эки тараптуу протоколго кол коюшкан.
Кабыл алынган протоколдор боюнча Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразачылыктар жаралып, айрыкча кыргызстандыктар «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги 50 гектар жерди коңшу өлкөгө бербөөнү жана протоколду жокко чыгарууну талап кылышкан.
Андан соң Ташиев Ташкентке кайра барууну убадалап, «Кемир-Абад» суу сактачынын жээгинен жер Өзбекстанга берилбейт деген.