Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болду

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Ал эми Ырсалиевдин ордуна турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматка Олег Попиков келди.

Тиешелүү буйрукка калаа башысы Эмилбек Абдыкадыров 10-майда кол койду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коммуналдык ишканын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Мындан сырткары, ал 2014-жылы калаанын вице-мэри болуп иштеген.

Ал эми Жамалбек Ырсалиев 2021-жылдын июнь айында ошол кездеги калаа башчысы Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Көп өтпөй мэр Кудайбергенов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Жунушалиев келген.

Жунушалиев ошол эле жылдын сентябрь айында Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиевди кызматынан бошотуп, ордуна Жамалбек Ырсалиевди дайындаган.

Борбор калаанын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров келгенден кийин Ырсалев кайрадан вице-мэрлик кызматка дайындалган болчу.