Ош мэриясынын пресс-турунан кийин журналисттерге чай берилди

Чайкананын короосунда турган вице-мэрдин унаасы жана журналисттер алып келинген кичи автобустар. Сүрөт: Kloop

Ош шаардык мэриясы 12-майда жергиликтүү журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, Төлөйкөн айылына алып барды. Анда вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жаан жааган сайын токтоп калган таза суу маселесин чечүү боюнча жаңы долбоор менен тааныштырды.

Пресс-тур аяктаган соң мэриянын кызматкерлери журналисттерди шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбековго таандык «Дархан» чайканасына чакырышты. Ал жакта журналисттерге түшкү тамак уюштурулду.

Чай кимдин эсебинен берилгенин тактоо үчүн мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековго байланышканыбызда, ал түшкү тамакты өзүнүн атынан уюштурганын айтты. Жээнбеков чайга «мэриянын тиешеси жок» деп ишендирди.

«Иш-чарадан кийин түштөнүү убагы болуп калгандыктан журналисттерге кесиптештерим катары өзүмдүн атымдан эле уюштурдум», — деди Жээнбеков.

«Дарханга» журналисттерден сырткары вице-мэр Жунусбаев жана мэриянын башка кызматкерлери да барды.

12-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Ош шаарында адаттагыдай таза суу токтоду. Шаар тургундары мэрия аталган маселени жылдар бою чече албаганына нааразы болуп келишет.

Пресс-турда вице-мэр бул көйгөйдү «чечүү» үчүн башталып жаткан долбоордун эскизин көрсөтүп, журналисттерге жана активисттерге пландалган иштер боюнча түшүндүрмө берди.

Жыйындан кийинки чай, конверттер жана грамоталар

Архив, Мамбетовдун журналисттер үчүн уюштурган фуршети. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп турганда басма сөз жыйынынан кийин журналисттерге фуршет уюштурган. Дасторконго чучуктан тартып суши-роллыга чейин коюлган. Фуршетти вице-мэр Марс Исаевге караштуу «ИЗЮМ» рестораны даярдап берген.

Өткөн жылдын 8-декабрында мэрия телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган. Анда Мамбетов ЖМКлардын өкүлдөрүнө грамота жана акчалай сыйлык тапшырган.

Ал эми 5-ноябрь — маалымат жана басма сөз күнүнө карата да мэр журналисттерди чакырып сыйлаган. Анда да бир нече журналистке акчалай сыйлыктар берилип, грамоталар тапшырылган.

Оштогу мамлекеттик мекемелер ар майрам сайын ЖМК өкүлдөрүн куттуктап, акчалай сыйлык тапшырып турушат. Ошол эле учурда сыйлыктарга кеткен каражат боюнча маалымат ачыкталбайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэринин м.а. басма сөз жыйындан кийин журналисттерге дасторкон жайды

Конверт, грамота. Ош шаарынын мэри теле-радио кызматкерлерин куттуктады