Садыр Жапаров: Орусия менен эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыктарбыз

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын башчысы Владимир Путин 16-майда Москвада жолугушуу өткөрүп, мамлекеттердин кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу Жапаровдун администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвадагы жолугушууда. Сүрөт: Кыргызстандын президенттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) расмий жыйынан кийин жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Путин Жапаров менен жолугушууда Орусия менен Кыргызстандын мамилеси позитивдүү өнүгүп жатканын айткан.

Путин Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда турарын кошумчалады.

«Албетте, өзүнчө талкуулай турган маселелер бар. Бүгүнкү эл аралык иш-чарада ошол маселелер тууралуу да сүйлөшсөк боло турганы абдан кубандырат», — деди Путин. Президенттер так кайсыл маселе тууралуу сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.

Басма сөз кызматтан Жапаров Орусия менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.

«Россия Федерациясы менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыктарбыз», — деди Жапаров.

Путин менен жолугушуу жана Кыргызстандын бейтараптуулугу

Жапаров менен Путиндин жолугушуусу орус аскерлеринин Украинага толук алкактуу кол салуусу уланып жаткан шартта өттү.

Согуш маалында Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизген. Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта дагы деле бейтарап позицияны карманып жаткан өлкөлөрдүн бирине кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 9-марттагы жыйынында жеке өзү да айткан.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин жыйынында.

Мурдараак Кыргызстан Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу боюнча резолюциясына дагы каршы добуш берген.

Кийинчерээ, 13-апрелде АКШнын Финансы минстрлигинин башчысы Жанет Йелен Вашингтондо өткөн брифингде Украинага каршы согушка карабастан Орусия менен алакасын сактап калган өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын обочосунда калуу коркунучуна кептелерин айткан.

Бирок Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко ЖМКга курган маалымат жыйында «Кыргызстан — кичинекей өлкө, ал эч нерсеге таасир эте албайт» деп айтылган сөздөргө кошулбасын билдирген.