Бишкек мэриясы: Троллейбус жана автобустарда жол кире 1-июлдан тартып карта менен гана алынат

Бишкекте 2022-жылдын 1-июлунан тартып муниципалдык троллейбус жана автобустарда накталай төлөм алып салынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мэриядан мындан ары муниципалдык транспортто жол акысы «Тулпар» электрондук системасы аркылуу накталай эмес алынарын айтышты. Алардын маалыматына ылайык, швейцариялык «BPC AG» компаниясы иштеп чыккан система быйыл 1-июлдан тартып толук ишке кирет.

Жол кирени бир канча ыкма менен төлөсө болот:

  • «Тулпардын» үч категориядагы (стандартык, мектеп жана жеңилдетилген) картасы менен;
  • Кыргызстандын баардык банктарынын контактысыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары менен;
  • NFC (смартфондо орнотулган) виртуалдык картасы менен;
  • «Тулпар» жана Balance (Beeline) тиркемелеринин QR коддорун сканерлөө аркылуу;
  • Тулпар тиркемесине траспорттун кодун терүү аркылуу.

Мэриядан шаар тургундарын жана конокторун 1-июлга чейин «Тулпар» карталарын сатып алууга же төлөөнүн башка ыкмалары менен таанышууга чакырышты.

«Тулпар» карталарын кайсыл жактан сатып алса болот?

Стандарттык көк түстөгү карталар «Кыргызпочтасынын» бөлүмдөрүндө, «О!», MegaCom жана Beeline мобилдик операторлорунун кеңселеринде сатылат, ошондой эле аларды муниципалдык автобус жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алса болот. Карта 50 сом турат.

«Тулпар» тууралуу кененирээк билүү: Бишкекте «Тулпар» системасы ишке киргени менен жүргүнчүлөр жол акысын нак акча менен төлөшүүдө

10-августтан тарта Бишкекте «Тулпардын» көзөмөл кызматы ишке кире

«Тулпар» электрондук билеттөө системасы Бишкектин коомдук траспортторуна 2020-жылдын мартында киргизилген. Ошол кезде эле Бишкек мэриясы жаңы төлөм системасы киргенден кийин айдоочулар накталай акча албай каларын айтышкан.