Прокуратура Темировдун ишин сотко өткөрдү. Иште жашыруун материалдар пайда болду

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Твиттер барагына Бишкектин прокуратурасы ишин Свердлов райондук сотуна өткөрүп бергенин жазды. Бул тууралуу Темировго көзөмөл органдан келген каттан белгилүү болгон.

Анын айтымында, катта буга чейин айтылбаган жашыруун материалдар көрсөтүлгөн.

«Иште таанышуу учурунда айтылбаган жашыруун материалдар пайда болуптур. Сотту жабык кылганы жатышат окшойт. Баары ойдон токулганынан коркуп кетишкенби?» — деп жазды Темиров.

Буга чейин Бишкек ШИИББи Болот Темировго карата төрт иштин баары тергелип бүткөнүн кабарлаган. Азыркы учурда журналистке карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: мыйзамсыз паспорт жана аскердик билет алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизатты даярдоо. Алардын үчөөсү тууралуу 20-апрелде гана белгилүү болгон.

Милициядан Темиров башка адамдын аскердик билетин колдонуу жана жасалма убактылуу күбөлүктүн жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деп түшүндүрүшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, Темиров кыргыз паспортун алып жатканда Орусиянын жараны болчу. Ошондой эле, Темиров 50дөн ашык жолу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатат.

Жыл башында Темировго «Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине алмаштырылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Болот Темировдун командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу бир нече жолу иликтөө жарыялоого үлгүргөн. Иликтөөлөр негизинен Кыргызстандын түштүгүндөгү Ташиевге тиешеси бар мунай бизнеси тууралуу болчу.

Акыркы иликтөөсүндө Temirov LIVE редакциясынын журналисттери Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы ушул жылдын жаз мезгилинде Жалал-Абадда бензин жеткирип берүү боюнча тендерлерди утуп баштаганын аныкташкан.

Тема боюнча окуңуз: Садыр Жапаров ЖМКга эч кандай басым жок деген ойдо. Чындыгында андай эмес

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Материалдын автору: Айдай Эмилева.