Улуттук университет: Депутат Фархат Исмаиловдун атына диплом берилген эмес

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен парламенттин депутаты Фархат Исмаиловдун атына диплом берилбегенин кабарлашты. Бул тууралуу мекеме АКИpress басылмасына билдирген.

Алардын маалыматына ылайык, Исмаилов 2006-жылдагы бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча студенттердин тизмесинде жок.

«№CD 060011020 диплому Исмаилов Ф.Д. ысымына берилген эмес», — деп билдиришти университеттин ректоратынан.

2022-жылдын апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясы УКМКга таянып «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билим алганы тууралуу дипломдору жасалма экенин билдирген.

Мекемеден мыйзам боюнча шайлоо учурунда жашы 25ке жеткен, жогорку билими бар кыргызстандык Жогорку Кеңештин депутаты боло аларын белгилешкен.

Бирок депутаттар УКМКнын билдирүүсүн төгүнгө чыгарышкан болчу. Алсак, Исмаилов «бул жаңылыштык болушу мүмкүн», документтеринин баары жайында деп билдирген.

Депутат болгонго чейин Исмаилов парламенттин иш башкармалыгынын директорунун орун басары болгон, бизнесмен катары да белгилүү. Ал Оштогу аткаминер, мушкер Нурбек Исмаиловдун бир тууганы. Нурбек Исмаилов 2020-жылы журналисттерге кол көтөргөнү белгилүү.

Исмаилов — «Алай Инвест» компаниясынын жана «Ай-Балта» күзөт агенттигини башчысы.

«Жасалма дипломдор»

Марттын ортосунан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган. Текшерүү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлө баштаган.

Анда парламенттин төрт депутаты, мэр жана айрым шаарлардын вице-мэрлери, ошондой эле дагы бир мэрдин диплому коопсуздук комитетинин шектенүүсүн жараткан.Атайын кызматтын маалыматына ылайык, жасалма дипломдор эң эле көп берилген деп Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети шек жараткан — 28 диплом. Кыргыз улуттук агрардык университетинде берилген 11 диплом текшерилүүдө, ал эми Арабаев атындагы университетте жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында бештен диплом текшерилип жатат.

УКМК борбор калаадагы университеттерден тышкары Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жогорку окуу жайларды текшерип жатат. ЧАл эми КОСУ, БААУ жана «Манас» сыяктуу чет мамлекеттик катышуусу бар университеттер дипломдору текшерилип жаткан тизмеде жок.