Бишкек — Чалдовар унаа жолундагы кырсыктан жөө жүргүнчү каза тапты

24-майга карган түнү саат 00:25 чамасында Бишкек — Чалдовар унаа жолунун 28-чакырымында «БМВ-524» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан кишини сүзүп, жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматка ылайык, айдоочунун жөө жүргүнчүнү коюп кетишине унаалардын алысты жарыктандырган чырактары күйүп турганы себеп болгон.

Сүрөт: ЖКККББдин басма сөз кызматы.

Айдоочу Чүйдүн Москва районуна караштуу Беловодск айылынын тургуну экени белгилүү болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

21-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Чечме» өткөрүү пунктунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, сегиз киши каза болгон. Дагы жети киши ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу автоунаанын тормозу иштебей калып, чек ара өткөрүү постунда токтоп турган 11 автоунааны сүзүп токтогон. Бул факты боюнча Баткен ОИИБи териштирүү иштерин баштаган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 16-майдан 22-майга чейин өлкө аймагында 19 миң 605 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Бир жума ичинде 315 айдоочу мас абалда унаа айдап жүргөндө токтотулган. Өлкө боюнча жалпы 1138 унаа айып короого токтотулду. Мындан тышкары 1360 жөө жүргүнчү жол эрежелерин бузган.

Тема боюнча:

Кадамжайда ӨКМдин унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан сегиз киши каза болду

ИИМ: Бишкек — Ош унаа жолунда акыркы төрт айда жол кырсыгынан 12 адам көз жумду