«Кыргыз темир жолу»: Бишкектен Орусияга поезддер июндан тартып каттай баштайт

Кыргызстандан Орусиянын үч шаарына темир жол каттамы июндан тартып жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Поезддер төмөнкү багыттар боюнча каттайт:

  • Бишкек-Самара каттамы 8-июндан тартып, Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт;
  • Бишкек – Казань каттамы 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү, жумасына бир жолу;
  • Бишкек-Новосибирск каттамы 9-июндан баштап Бишкектен 8 күндө бир жолу каттайт.

«Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн жүргүнчүдө COVID-19га карата ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы көрсөтүлгөн маалымкат болушу керек. Тест берилген күндөн 72 саат өтпөгөн болушу зарыл. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынан Орусияга келүү үчүн COVID-19га карата ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын тастыктоо талап кылынбайт», — деп билдиришти ишканадан.

Ошондой эле ПЧР-тест (маалымкат) төмөнкүлөрдөн талап кылынбайт:

  • 5 жашка чейинки балдар, аларды коштоп жүргөн адамдарда маалымкаты бар болсо;
  • Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрүнөн;
  • Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждарынан;
  • Казакстанда ревакцинацияны же COVID-19га каршы эмдөөнүн толук курсун алган адамдардан.

«Кыргыз темир жолу» билеттер качан сатыкка чыгары боюнча кошумча маалымат берүүнү убада кылды.

Апрель айынын башында парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Орусиянын шаарларына, Москваны кошпогондо, эл аралык жүргүнчү ташуулар апрелди аяктап, майдын башында башталарын айткан.

Ал кыргызстандыктар 2023-жылга чейин поезд менен Москвага бара алышпасын, себеби Орусиянын баш калаасында рельс жана шпалдар алмаштырылып, темир жолдор жаңыртылып жатканын белгилеген.

Казакстан жана Орусияга жүргүнчү ташуу

Казакстан 21-февралдан тартып Кыргызстандан Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчү ташыган поезддери үчүн өз аймагындагы чек арасын ачкан. Минкабдан Кыргызстандан чыккан поезддер Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу гана өтө аларын билдиришкен.

Темир жол каттамын кайрадан жандандыруу чечими Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 15-16-февралда өткөн биринчи жыйынында кабыл алынган. Бирок минкабдан жүргүнчү ташуу Орусиянын макулдугу алынгандан кийин гана жанданарын, ошондуктан Транспорт министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилешкен.

Орусия менен темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Өлкөлөр жүргүнчү ташуу рейстерин кайрадан жандандырууга даяр экенин бир нече жолу айтышкан, бирок Казакстандын чек арасы жабык болгондуктан муну ишке ашыруу мүмкүн болбой келген.