Сузакта тургундун сөөгү электр мамысына асылган абалда табылды

Сүрөт: ӨКМ

25-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында жогорку чыңалуудагы электр мамысына асылган эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар сөөктү алып түшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден маркум Базар-Коргон районунун 24 жаштагы тургуну экенин билдиришти. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

2-майда Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында 16 жаштагы окуучу асынган абалда табылган. Өспүрүм 11-класстын окуучусу экени аныкталган.

Анын атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жатканы, ал эми апасы Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, мектеп окуучусунун өлүмүнүн себебин териширүү иштери башталган.

Ал эми өткөн жылдын май айында Сузак районунда 14 жаштагы өспүрүм үйүнүн чатырында жипке асынган абалда табылган.

Өспүрүмдүн атасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок облустук милиция окуучунун өлүмү териштирилерин убада кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: Асынган абалда табылган 16 жаштагы окуучунун өлүмү териштириле баштады

Сузакта 14 жаштагы өспүрүм асынып алды, милиция анын өлүмүн териштирет