Сузакта 14 жаштагы өспүрүм асынып алды, милиция анын өлүмүн териштирет

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашаган 14 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Өспүрүмдүн атасы эч кимге доосу жок экенин айтканы менен милиция окуучунун өлүмүн териштирет.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, кырсык 13-майда болгон. Окуучу үйүнүн чатырындагы устунга жип менен асынган абалда табылган. Өспүрүмдүн денесине сырттан кароо жүргүзгөндө мойнундагы жипке асынган тактан башка жараат жок экендиги аныкталган.

Ошондой эле, милициядан өспүрүмдүн атасы арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканын кошумчалашты.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү асып өлтүрүү» беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталды.

Өткөн жылдын 18-майында аталган облустун Аксы районунун Жерге-Тал айылында 14 жаштагы бала асынып алган. Мындан сырткары, 2020-жылы Ысык-Көл облусунда жашы жете элек 13 өспүрүм өз жанын кыйган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Элмира Үсөнөва «24 kg» басылмасына өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна ата-энеси менен болгон жаңжал себеп болгонун билдирген. ИИМ аталган фактылар териштирилип жатканын белгилеп, депрессияны алдын алууда ата-энелер маанилүү роль ойношун эскерткен.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн