Адвокат Жоошев: Алмазбек Атамбаев жеке клиникага МРТ үчүн алып келинген

Соцтармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 27-майда жеке клиникалардын бирине алып келингени тартылганы сүрөттөр тараган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Клоопко» билдиргендей, мурдагы президент Улуттук кардиология борборунда тийиштүү шарт жок болгондуктан 27-майда «ЮРФА» клиникасына МРТга тартылуу үчүн алып келингенин түшүндүрдү.

«[Атамбаевди] алып келип, бир сааттын ичинде магнтттик-резонанстык томография жасашкан. Учурда ал Улуттук кардиология борборунда», — деди юрист.

Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылганы 25-майда белгилүү болгон. Анда адвокат Жоошев мурдагы президенттин абалы дагы деле оор бойдон калууда деп билдирген.

«Туура бир ай мурда Биринчи май райондук сот Атамбаевге медкароодон өтүүгө уруксат берген. Ал стационардык түрдө дарыланат. Ал жакта канча убакыт болору белгисиз», — деген ал.

Буга чейин адвокаттар мурдагы президентти ооруканага жаткырыш үчүн бир нече жолу уруксат сурашкан. Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сот залынан бир нече жолу тез жардам менен колонияга жеткирилген.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор экс-президент сотко мажбурланып алып келинип жаткандыктан саламаттыгы кескин начарлап кетип жатканын кабарлаган.

Мурдагы президент укук коргоочуларга отурганга да, турганга да мүмкүнчүлүк бербей жаткан бел ооруусун айтып даттанган. Ошондой эле бир аз кыймылдаса дем жетишпей, колу жана бутун сезбей калып жатканын айтып берген.

№47 колонияга караштуу дарылоо жана түзөтүү мекемесинин башкы дарыгери Атамбаев толук текшерүүдөн өтүүгө, Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринин кеңешине жана дарылоого муктаж экенин айткан.

Апрелде Атамбаевди Бишкектеги №47 колониядан Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияга которушкан. Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы резиденциясы эки күнгө созулган штурмдан кийин 2019-жылы 8-августта кармалган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон. Ал Кой-Таш окуясы, Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга байланыштуу иштердин фигуранты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев