Ош: Акыркы коңгуроо салтанатын мектептен сырткары белгилөөгө тыюу салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облусунда акыркы коңгуроону мектептен сырткары белгилөөгө тыюу салынды. Ош ОИИБи жер-жерлерде окуучуларга мектеп администрациясына жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

ОИИБдин маалыматына ылайык, 30-майда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында 18 жашка толо элек мектеп бүтүрүүчүлөрүн ар кандай кырсыктардан сактоо боюнча жыйын өткөн.

Ага акимдин орун басары Айжан Куланова, райондук билим берүү башчысы Гүлай Машрапова жана ички иштер кызматкерлери катышкан.

Катышуучулар Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун акыркы коңгуроо салтанатын кафе-ресторандарда, жаратылышта жана башка көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө тыюу салган буйругу менен таанышышкан.

Ошондой эле эгер окуучулар тарабынан көрсөтүлгөн эрежелер бузулса же үйлөрдө отуруштар уюштурулса ата-энелери «Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарын бузуу» беренеси менен жоопко тартылары эскертилди.

Быйыл акыркы коңгуроо пандемия башталгандан бери биринчи жолу офлайн форматта өтөт. Майрамдык салтанат мектептерде 9-июнь күнү белгиленет.

Окуучулар бүтүрүү кечесин майрамдап жатканда же майрамдаганы бара жатканда ар кандай кырсыкка кабылган учурлар бар.

2020-жылдын июнь айында Ошто мектеп бүтүрүүчүсү Ак-Буура дарыясына чөгүп кетип каза тапкан. Анда милициядан окуучулар «бүтүрүү кечеси болбосо да, жок дегенде сүрөткө түшөлү» деп Ак-Буурага барышканын айтышкан.

Ошол эле жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Ноокен айылында жол кырсыгы катталып, бир өспүрүм каза болгон. Ал эми үч окуучу жаракат алып ооруканага жеткирилген. Анда да окуучулар эс алуу үчүн бара жатышкан деп божомолдонгон.