Ош: Мэриянын эки бөлүмүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Масуда Айдарбекова/Нурлан Закиров

Ош мэриясынын эки бөлүмүндө 30-майда кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова иш кагаздарды камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматына которулган.

Ал эми анын ордуна Нурлан Закиров келген. Ал буга чейин аталган бөлүмдүн багкы адиси болуп иштеген.

Ал эми иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп буга чейин Кайрынса Сулайманова иштеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматынан кеткен.

Буга чейин, 12-майда, мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Сталбек Төрөбек уулу дайындалган.

Төрөбек уулу буга чейин акыйкатчы аппаратынын түштүк аймагындагы бөлүмүндө башкы адис, бир катар мекемелерде юрист болуп иштеген. Ошондой эле Салык кызматынын Ош шаарындагы башкы инспектору, президенттин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Аталган кызматтын буга чейинки башчысы Алтынбек Пирматов 28-февралда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган.

Буга Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң жарнамалык билбордду «мыйзамсыз бузуу» тууралуу иш себеп болгон.

Муниципалдык башкармалыктын башчысынын жактоочусу Пирматов айыптоолор менен макул эместигин билдирген. Мурдагы жетекчи 2-мартта үй камагына чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына Сталбек Төрөбек уулу жетекчи болду