Ташиев: Сузакта селден жабыркагандарга 50 миңден 1 млн сомго чейин кенемте төлөнөт

Сүрөт: «Регион»

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден жабыркаган 158 үй-бүлөгө 50 миң сомдон 1 млн сомго чейин кенемте төлөнөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев райондун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, райондун Барпы, Атабеков жана Сузак айыл өкмөттөрүндөгү 45 үй-бүлөгө жаңы турак үй куруу үчүн 1 млн сомдон берилет. Ал эми 73 үй-бүлөгө ремонт иштери үчүн 100 миң сомдон, 40 адамга короо жайларын калыбына келтирүү үчүн 50 миң сомдон бөлүнгөн.

«Аталган айыл өкмөттөрдө өтө чоң суу каптоолор болуп, миңдеген адамдардын үйүн каптаган. Адамдарга жардам кылуу үчүн президентибиз Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнүн негизинде өкмөттүн тескемеси чыкты [...] Ушулардын баарын элге жеткирип, таратып берип жатабыз», — деди ал.

Ташиев 1 млн жана 100 миң сомдон ала тургандар банктык эсептерди ачышы керектигин айтты. Ал эми 50 миң сом үй-бүлөлөргө накталай берилет.

5-майга караган түнү нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Сузактын бир катар айылдарын сел каптап, миңден ашык адам эвакуацияланган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, сел Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында 606 турак үйдү жана 10 социалдык имаратты каптаган.

Мындан улам аталган аймакка өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Май айынан тартып Кыргызстандын түштүк аймактарын сел каптап, бир катар айылдарда турак үйлөрдү жараксыз абалга кептелди. Мал-жандыктарды суу агызып кеткен учурлар катталды.

12-майга караган түнү Кадамждай районунда сел жүрүп 28 үйдүн короосун, ички чарбалык арыкты жана чарбалык жолду каптаган. Ал эми Алай районунда 4-майга караган түнү сел келип, турак үйлөрдү каптап, 3 баш бодо малды агып кеткен.

Селден жабыркаган башка аймактардын жашоочуларына кенемте төлөнүп берилеби же жокпу азырынча белгисиз.

ӨКМ 30-31-майда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы болуп, сел каптоо коркунучу бар экенин эскертүүдө.