Ысык-Көл: Ак-Сууда окуучулар жамгырда чатырынан суу өткөн мектепте окууга аргасыз

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда окуучулар жамгырда чатырынан суу өткөн мектепте билим алууга аргасыз. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, сөз Жергез айылындагы Осмон Элебесов атындагы чатыры тешик орто мектеп тууралуу болууда.

Мектептин директору Бермет Отомбаева имарат 1970-жылы курулганын, ал эми 2015-жылы ӨКМ аны авариялык абалдагы мектептердин тизмесине кошконун айтты.

«Ошого карабастан окууну үзгүлтүккө учуратпай, тобокелдик менен окуп келе жатабыз. Жамгыр жааганда мектептин шыбынан тамчы тамат. 2021-жылдын апрель айында жаңы мектептин пайдубалы үчүн жер казылаган. Ошол эле учурда иш токтоп калган. Учурда казылган чуңкурларга окуучулардын түшүп кетүү коркунучу да бар», — деди ал.

Видео: Turmush.

Кыргызстандагы авариялык мектептер

Кыргызстандагы көпчүлүк мектептер, айрыкча аймактагылар кыйла оор абалда турат. Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө авариялык абалдагы 204 мектеп бар — бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп. Андай имарттарга окумак түгүл жөн гана кирип чыгуу кооптуу. Ага карабастан бул имараттарда сабак өтүү улантылып жатат.

Авариялык мектептерди жылдар оңдой албай, ал эми жаңыларын кура албай келишет.

Дагы окуңуз: Түптө окуучулар «жараксыз» мектепте билим алышат — жаңы мектептин курулушу беш жылдан бери бүтпөй келет

Алсак, 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин шыбы урап түшкөн.

ӨКМдин куткаруучулары 16 окуучу жана бир мугалимди алып чыгышкан. Имараттын шыбы урап түшкөн маалда класста үчүнчү класстын окуучулары болгон. Балдар Ала-Бука ооруканасында кароодон өткөрүлүп үйлөрүнө жиберилген, ал эми мугалим стационардык дарылоого жаткырылган.

Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, мектептин имараты 1951-жылы курулган. Анда 360дан ашык бала окуйт. Мектеп авариялык абалда делген мектептердин тизмесинде жок.