ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы пара берүүгө шектелип кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы УКМКнын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 31-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүдө оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн атайын кызматтын өкүлдөрүнө акча сунуштаган.

Башкы прокуратурадан шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилгенин белгилешти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 18-майда Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери 20 миң сом пара алып жатканда кармалган. Шектүүнүн 1 500 АКШ доллар талап кылганы белгилүү болгон.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

УКМК Ош ШИИБдин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармады

«50 миң сом». Сокулук РИИБдин кызматкерлери пара опузалоого шектелип кармалды