Кыргызстанга келип жаткан миллиондогон доллар эл аралык жардамдар максатсыз, кээде таптакыр эле дайын оту жок жоголот. Бул тууралуу чиновниктер да, донорлор да ооз ачкысы келбейт. А бирок «Клооптун» өжөр журналисттери менен ыктыярчылары көптөгөн кызыктуу фактыларды казып чыгышты. Соңку жылдары келген грант жана гумжардамдар тууралуу айтып беребиз.
Кампаларда күм-жам болгон
Кыргызстан 2020-жыл башталып аягына чыкканга чейин эл аралык донорлордон COVID-19га каршы күрөшүүгө дары-дармек жана медициналык каражаттарды алып турган. Бирок кийинки жылдын жайында Германия жана Түркиядан келген товардын жарымы ошол бойдон кампалардан чыкпай калганын аныктаган «Клооп». Орусиядан келген жыйырма миң ПЧР-тест дагы лабораторияларга түшпөй калган. Ушундай экени гуманитардык жардам тууралуу отчёттор жарыяланган Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлүү болчу.
«Клооптун» дары-дармектер менен беткаптардын тагдыры жөнүндө расмий сурамдарына — андай сурамдан бир эмес, беш жолу берилген — Саламаттык сактоо министрлиги жооп берген эмес. Жардам жоголгону тууралуу материал чыккандан кийин гана министрликтин чиновниги Өскөн Стамкулов редакция менен байланышып, чоң маек берген.
Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кампалары бош, жардамдын баары ооруканаларга таркатылганын айтып берген. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында бул тууралуу маалымат жок, себеби департаменттин «ага жеткилиги болгон эмес».
«Көрсө, [Саламаттык сактоо министрлигинде] сайтты өзгөртүп, бизге айтпай коюшуптур», — деп түшүндүргөн Стамкулов.
Маектен кийин «Клооп» министрликтин сайтындагы маалыматтарды далай текшерген — текшерген сайын киреше жана чыгашалардын дал келбестиктерине күбө болгон.
Өнөктөштөрдүн алдындагы карыз
Айтмакчы, кампаларга токтолсок. 2020-жылы жайында Орусиянын «Ростех» мамкорпорациясынан сатып алынган 300 ИВЛ аппараты дагы деле «Дастан» заводунда жатат. ИВЛ аппараттарын алдыртып келүү эң эле жогорку деңгээлде сүйлөшүлгөн. Орусия тараптан келишимди Өнөр жай жана соода министрлиги, Кыргызстан тараптан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети макулдашкан.
Бирок Саламаттык сактоо министрлиги аппараттарды балансына алуудан баш тарткан — өкмөттүн алардын акысын төлөгүдөй акчасы жок болгон. Кайтарып берип салууга да болбой калган: өлкөдө меджабдууларды чыгарууга тыюу салынган. Натыйжада ИВЛди алып келип бергендер Орусия жана Кыргызстанда сотко кайрылып, «Дастандан» аппаттар үчүн 240 млн рубль, дагы 40 миң рублди айып пул катары төлөп берүүнү талап кылган.
Эми пандемия артта калып, өлкөгө мынча санда ИВЛ аппараттарына муктаж болбой калганда Кыргызстан техниканын өзүн эле эмес, ал тургай «Ростехтин» ортомчуларынын ири маржасын да төлөп берүүсү керек.
Кеп ИВЛ аппараттарын Кыргызстанга заводдон түз алып бербей, техниканын баасына кошумча 110 млн сом (баштапкы баасынын үчтөн экиси) кошуп, «Ростехтин» туундуу ишканалары аркылуу сатып алынганында болууда. Эми болсо бул сатып алууну УКМК тергеп баштады.
Коронавируска убагында көрүлбөгөн чара
Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүгө товар сатып алууда чоң башаламандык болгон. Өлкө жетекчилиги миллиард сомдогон гумжардамдарды алганы менен каражаттарды дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн сарптооого шашылган эмес.
Бийлик органдары 2020-жылы жазында карантин чаралары күч болуп турганда беткап, пульсоксиметр жана кычкылтек концентраторлорун камдап алуунун ордуна көбүнесе шаарды, анын ичинде медициналык мекемелерди оңдоп-түздөө иштерин жасап туруп алган. Ал эми жайга барып, карантин алынган учурда, эпидемияга камылга көрүүгө кеч болуп калган. Ооруканаларда медиктердин өздөрү оору жуктуруп, адамдарды дарылаганга адистер жана дарылагыдай эч нерсе жок болуп, өлкөгө «каргашалуу июль» келген — коронавирустан улам оору жуктуруу жана өлүм эң көп катталган ай.
Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2020-жылы $43,5 млн $ сарптаган — орто эсеп менен ар бир тастыкталган учурга 500 доллар.
Пандемия кычап турганда бийлик мамлекеттик мекемелерге COVID-19га каршы күрөшүү үчүн товарларды камсыздоочулардан тендерсиз, түз сатып алууга уруксат берген. Көбү мындан кыянат пайдаланышкан. Илдетке каршы күрөшүү шылтоосу менен өсүмдүктөрдүн тамыры, мейманкана, ал тургай жана жолбун иттерди атуу кызматы сатып алынган.
Алтынга тете самын
Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору 2021-жылы 2,5 млн сомго миң даана кир самын сатып алган. Бирок, оорукананын бухгалтериясы аны «техникалык ката» деп түшүндүргөн. Чындыгында Ала-Бука райондук ооруканасы мурда-кийин мамлекеттик сатып алууларга катышпаган, ири келишимдерди эч качан аткарып көрбөгөн эки компаниядан көптөгөн чарба товарлары менен жууп тазалоочу каражаттарды сатып алган.
2021-жылдын октябрында Ала-Бука районундагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун бейтаптары акча жыйноолорго даттанышкан: бейтаптардан маалымкат жана рецепттер жазылган кагаз үчүн да акча алынган. Ал эми 2020-жылдын жай айларында оорукананын башкы дарыгери медиктерге массалык түрдө коронавирус жукканы үчүн кызматынан алынган. Врачтар менен медайымдар администрация жеке коргонуучу каражатарды үнөмдөгөн үчүн, бир масканы бир ай тагынып жүргөндөрүнө нааразы болушкан.
Арадан бир жарым жыл өткөн соң борбордун башкы дарыгери Бактыгүл Алибаева кызматына кайра кайтып келген.
Эсеби жок бузуулар
Эсептөө палатасы дагы Саламаттык сактоо министрлигинин сатып алууларын текшерип, бюджеттик жана гранттык акчаларга керексиз дары-дармектер, эскирип бараткан вакцина, беткап жана баасы кымбат бахилалар сатып алынганын аныкташкан. Аудиттин корутундусуна ылайык, 220 млн сомдон ашык акча максатсыз коротулган, 50 млндон ашууну мыйзам бузуулар менен сарпталган.
Текшерүүнүн бардык материалдары прокуратурага өткөрүп берилген, бирок, кыязы, алар боюнча кылмыш иши козголгон эмес көрүнөт. Прокуратура иш боюнча «Клооптун» сурамына жооп берген жок, анын ордуна редакциянын кабарчысына мекеменин кызматкери чалып, эмне үчүн бизди Эсептөө палатасынын отчёту кызыктырып жатканын өжөрлөнүп тактай баштаган.
Аскердик сыр
«Клооп» Кыргызстан өлкөгө 2016-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан бөлүнгөн 600 миң еврону эмнелерге коротконун тактоого да аракет кылды. Аталган каражатка Ош жана Баткен облустарында эки курал-жарак кампасы курулушу керек болчу.
Журналисттер кампаларды көрө алышкан жок: аскер кызматкерлери объект жашыруун экенин билдиришкен. Бирок колдонууга ачык документтерге ылайык: кампанын бирин Бакыт Шералиевге таандык компания курган — ал 2000-жылдардын башында Коргоо министрлигин курулуш башкармалыгын жетектеген. Шералиевдин «Шер-Курулуш» деп аталган компаниясы бир нече жолу сметанын бааларын жогорулатууга жана салыктарды жашырууга айыпталган.
Репутациясы мындай адам олбурлуу министрликтин өтө маанилүү объектти курууга конкурсун кантип утуп алган? ЕККУдан биз тендерге дагы ким катышканын, тандоо критерийин кандай болгонун сурадык, бирок алгылыктуу жооп ала алган жокпуз.
Бала бакчалар
2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын айылдарында жаңы сегиз бала бакчанын курулушуна 152 млн сом бөлгөн. Анын баары бала бакча же таптакыр эле жок же эски болуп каалоочунун баарын батыра албаган калктуу пункттарда жайгашкан.
2021-мартта биз өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган тургундардан жардам сурап, Дүйнөлүк банктын акчасына так эмне курулганын текшерип берүүнү өтүнгөнбүз. «Клооптун» ыктыярчылары бардык сегиз бала бакчаны кыдырып, алардын алтоосу мөөнөтүү боюнча кечиксе да пайдаланууга берилгенине күбө болушкан. Талды-Суу айылындагы бала бакча азырынча бүтө элек. Анын курулушу 2021-жылдын февралында башталган. Курулуш учурунда инфляциянын айынан долбоорго акча жетпей калганы аныкталган. Натыйжада сметаны кыскартып, пландалган эки корпустун ордуна бирөөсүн гана курууга туура келген.
Иштин баары эле кынтыксыз аткарылган эмес: Бөрү-Баш айылында 11 млн сомго бала бакчанын жаңы корпусу курулган, биринчи эле кышта имараттын фасадына чачылган текстура сыйрылып, отмосткасы пайдубалдан ажырап жарака кеткен.
Бирок кемчиликтерге карабастан жергиликтүү тургундар курулушка ыраазы, себеби Кыргызстанда тайпалар ашыкча толгон болсо да бала бакчага болгону ар бир төртүнчү бала, айыл жергесинде — ар бир бешинчи бала барат.
Суу тартыштыгы менен күрөшүү
«Клооптун» ыктыярчылары Нарын облусунун дагы бир айылына барып кайтышты, ал жерде жарым жыл мурда Дүйнөлүк банктын 5,3 млн сомуна суу түтүгү оңдотулган.
Көп жылдар бою Нарын облусунун Кадыралы айылынын жашоочулары түнкүсүн суу ташышчу: таңга маал колонкадагы суу токтоп калчу. Учурда айыл жаңы суу булагына ээ болду — суу 38 метр тереңдиктен сордурулуп чыгат. Магистралдык суу түтүгү жаткырылган. 80ге чукул чарба үйүнө суу тарткан же жакын арада тартканы турат, калган 110у чоргодон барып тышып келет — ар бир бир көчөгө 20 чакты чорго коюлган.
Таза суунун тартыштыгы — өлкөнүн негизги көйгөйлөрдүн бири. Өлкөдөгү 300дөй айылда суу түтүктөрү таптакыр болгон эмес, дагы 600 айылда система оңдоого муктаж. Андай болсо да айрым айылдарга суу үчүн эл аралык гранттар берилген, бирок жалданмачылар ишти сапатсыз аткарып, суу сүтүгү көп өтпөй жарактан чыккан.
2021-жылдан 2026-жылга дейре эл аралык донорлор суу маселесин чечүүгө Кыргызстанга 480 млн доллар бөлүшөт — бул мамлекеттик бюджет бөлө ала турган каражаттан 15 эсе көп. Бул акчага 150дөң ашык айылда суу түтүктөрү оңдотулат. Бирок бул баары бир деле жетпейт, себеби кезете дагы 700дөн ашык калктуу конуш бар.
Материал «Сорос– Кыргызстан» фонду тарабынан каржылаган «Эл аралык жардамдын мониторинги» долбоорунун көмөгү менен даярдалды. Материалдагы пикирлер жана корутундулар Фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.