Камчыбек Ташиев Манас районунда УКМКнын жаңы имаратын ачты

УКМКнын башчысы, минкабдын төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Талас облусунун Манас районунда атайын кызматтын жаңы имаратын ачты. 7-июнда өткөн иш-чарага облустук башкармалыктын кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

«Жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Ташиев Талас шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна дагы капсула салганы белгиленди.

УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттар

2021-жылдын сентябрынан тарта УКМКнын аймактагы башкармалыктарына жаңы имараттар курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок курулуштар кайсы каражатка жүргүзүлүп жатканы ачыкталбай келет.

Май айында УКМКнын кезектеги жаңы имаратынын ачылышы болгон, имарат кайсыл жерде жайгашканы журналисттерге айтылган эмес.

Имаратты ачуу иш-чарасына президент Садыр Жапаров, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышкан.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат», — деп белгилеген президент иш-чарада.

Мындан сырткары июль айында Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушу башталган.

Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын аягында толугу менен бүтүп, чек арачыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилери кабарланган.

УКМКнын төрагасы үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, «шериктеш мамлекеттин» жардамы менен курулуп жатканын билдирген. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан эмес.

2022-жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курулуп баштаган. Окуу жай генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ачылары айтылган.