Ысык-Атада бейтааныш кызды зордуктоого шектелип 25 жаштагы бала кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милиция кызды зордуктоого шектеп 25 жаштагы баланы кармады. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя тууралуу милицияга 6-июнда кабарланган. Жерине милиция кызматкерлери барып, 1993-жылы туулган кыздан көрсөтмө алган. Жабыркаган кыз 5-июнда чала тааныш бала үйүнө жеткирүүнү сунуштап, бирок Ысык-Ата районундагы дачалардын бирине алып кеткенин айтып берген.

Жабырлануучу арызында шектүү аны күчкө салып зордуктаганын, дачадан эртеси күнү, 6-июнда таңга маал качып чыкканын жазган.

Аталаган факт «Адам урдоо» жана «Зордуктоо» беренелери менен каттоого алынып, шектүү катары 25 жаштагы бала кармалган.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү өз көрсөтмөсүндө «кызга карата зордук-зомбулук аракеттерин жасабаганын» айткан.

Милиция окуянын жагдайын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Кыздын зордукталганын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ал эми шектүү Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индекстин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат.

Тема боюнча:Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Бурулайдын өлүмү: Марсбек Бөдөшов 20 жылга кесилди

2022-жылдын апрель айында БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Алар отчётто Кыргызстанда аялдар тарабынан сексуалдык зомбулук учурлары тууралуу укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли төмөн экени байкалганын белгилешкен.

Алардын маалыматына ылайык, бул укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу менен байланыштуу.