Башпрокурордун орун басары Мадумаровдун Зулушев боюнча суроосуна жооп берүүдөн баш тартты

Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйында башкы прокурордун орун басары Турсунбек Ишеналиевден Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлук кызматтан убактылуу четтетилиши боюнча комментарий берүүсүн өтүндү.

Мадумаров көзөмөл органы «өзүнүн укугун өзү коргой албай, башкы прокурор өзүнүн укугуна өзү ээ боло албай» жатканын белгиледи.

«Ар кандай сөздөр айтылып жатат, Башкы прокурорду Конституция, мыйзамдардын негизинде убактылуу четтете албайт деп. Сиздер кандай дейсиздер? Сиздер мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алышыңар керек да. Кандай баа бересиңер?» — деп сурады депутат.

Ал эми Ишеналиев башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президент Садыр Жапаров кабыл алган жарлыкка комментарий бере албасын айтты.

«Мен ага комментарий бергенге укугум жок. Чечим кабыл алынды, чечимди аткарганга тийишпиз», — деп жооп берди ал.

Зулушевдин отставкасы

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга байланыштуу иши боюнча Курманкул Зулушевди тергөө маалына башкы прокурорлук кызматтан убактылуу бошоткон.

Өлкө башчысынын администрациясынан Зулушевди кызматтан четтетүү тууралуу чечимин кабыл алууда «министр менен башкы прокурордун жеке мамилелерин эске алынганын» айтышкан.

Садыр Жапаров өзү сүрөмөлөп кабыл алган колдонуудагы Конституцияда башкы прокурорду кызматынан убактылуу четтеттүү механизми жазылган эмес.

«Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот», — деп айтылат Конституцияда.

Анткен менен Зулушевди кызматтан бошотуу маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн да, каралган да эмес.

Ал эми Зулушев өзү кызматынан убактылуу четтетилгенине «президенттин буйругу талкууга жатпайт», ал аткарылууга тийиш деп комментарий берген.Буга чейин Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Курманкул Зулушевдин тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтетилиши Конституцияга каршы келбейт деп билдирген.

Анын айтымында, башкы прокурор кызматынан биротоло бошотулган эмес, ошондуктан бул учурда Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт.Султанбаев «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренеси кызыкчылыктардын кагылышы жаралганда мамлекеттик кызматкерди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жол берерин дагы белгилеген.

«Саламаттык сактоо министри менен башкы прокурордун жеке мамилеси — бул кызыкчылыктардын кагылышуусу — коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, бул жагдайда Алымкадыр Бейшеналиевдин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн», — деп түшүндүргөн Султанбаев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.