Cот президенттин Жогорку Кеңештеги экс-ыйгарым укуктуу өкүлүн күнөөсүз деп тапты

24-майда Биринчи май райондук соту президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевди актады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дыйканбаевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөсүз деп табылды.

Дыйканбаевдин иши

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган. Ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Президенттин басма сөз кызматы 27-ноябрда Дыйканбаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганын билдирген. Тиешелүү жарлыкка ошол убактагы президенттин м.а. Талант Мамытов кол койгон.

УКМКнын маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп ага 7 млн сом берүүгө мажбур кылган.

Атайын кызматтын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Дыйканбаев ал акчаны шайлоо алдындагы кампанияда, шайлоочулардан көп добуш алууну камсыздаш үчүн колдонгон.

2021-жылдын апрель айында Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы үй камагына алмашылган.

Дыйканбаев деген ким?

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы дайындалган, ал 4-октябрдагы шайлоо убагында депутаттыкка аттанганына байланыштуу милдетин аткарууну убактылуу токтоткон.

Парламенттик шайлоого Дыйканбаев «Биримдик» партиясы менен тизмеде 58-номерде барган. «Биримдик» шайлоодо көп добушка ээ болуп, алдыңкы катарга чыккан, бирок 6-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразылык акциясы Ак үйдү басып алуу менен аяктап, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.