Садыр Жапаров: Буюрса Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, экинчи Кумтөр болот

Президент Садыр Жапаров 8-июндагы Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Токтогул районунун тургундары менен жолукту. Ал жашоочулардын суроосуна жооп берип, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна токтолду.

Жапаров Кыргызстан суунун башында турганына карабай, Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго карызга батып кеткенин белгилеп, «буюрса Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, экинчи Кумтөр болот» деп ишендирди.

«Өзүңүздөр билесиздер бир жылдан бери Кумтөр кенин мамлекеттин пайдасына иштей баштады. Мына ошонун акчасы менен биз баштап атабыз. Бул Кумтөрдүн акчасы менен Камбар-Ата-1 эле эмес, былтыртан бери майда-чүйдө долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Мурда бизде Кумтөргө окшогон чоң кошумча киреше булагыбыз болгон эмес», — деди Жапаров.

Аны менен катар президент Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 2022-жылы башталып, тынымсыз иштесе «3-4 жылда бүтүп калат» деп убадалады.

«Азыр технка-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. Бул дагы ушул Камбар-Ата-1, Кумтөр экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн АКШ долларынан кем эмес киреше берет», — деди ал.

Жолугушууда Жапаров тургундардын жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, бала бакча, мектеп куруу сыяктуу суроолоруна жооп берди. Президент «бир дагы маселе көңүл сыртында калбайт» деп ишендирди.

8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо салтанаты өткөн. ГЭСте жалпы төрт агрегат иштей турганын, биринчисин 2028-жылы ишке киргизүү пландалып жатканы айтылган.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жалпы сметасы 2,9 млрд долларды түзөт. Курулуш алты фазалык баскычтан турат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржыланып жатат.

Азырынча бийлик ГЭСтин курулушуна каражат салууга макул болгондордун ысымдарын же компаниянын аттарын айта элек. Буга чейин Жапаров долбоорго Казакстан жана Өзбекстан кошулууга даяр экенин айтканы бар.

Тема боюнча:

Хронология: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ушуну менен үчүнчү президент убадалады

Жалал-Абадда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталды