Ак-Сууда мугалим жана алты окуучу 15 кой жана 3,5 тонна буудай уурдоого шектелип кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Отрадное айылындагы мектептин дене тарбия мугалими жогорку класстын алты окуучусун «мал уурулукка тарткан» деп шектелүүдө. Алар 15 кой жана 3,5 тонна буудай уурдаганын мойнуна алышкан.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, Ак-Суу райондук милициясына Отрадное айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 6-июнга караган түнү саат үчтөрдө бейтааныш кишилер сарайдан кочкор уурдап баратканын байкап, кыйкырганда шектүүлөр качып кеткенин айткан. Ал буга чейин дагы төрт кой уурдатканын кошумчалаган.

Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи.

Бул факты райондук милицияга катталып, «Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук» беренеси менен иш козголгон.

Тергөөнүн алкагында кылмышка шектелип Отрадное айылынын 25 жаштагы «Б.Б», 18 жаштагы «Д.С.» жана 17 жаштагы «Д.Э», «Н.Т», «К.Р», «И.А», «К.Р» аттуу тургундары кармалган.

Текшерүү учурунда 25 жаштагы «Б.Б» мектептин дене тарбия мугалими экени жана окуучуларды уурулукка аралаштырганы белгилүү болгон. Ал уурдаган койлорду Түп айылындагы досуна сатып жибергенин да айып берген.

Милиция койлорду сатып алган киши Түп айылынын 24 жаштагы К.С. аттуу тургуну экенин аныкташкан. Ал 12 койду Каракол шаарындагы мал базарга сатып жибергенин айткан. Үч кой далил зат катары алынды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тема боюнча:

Кочкордо мал уурдоону «кесипке айлантып алган» эки шектүү кармалды

Ысык-Атада мал уурдоого шектелип эки өспүрүм кармалды