Каракол: УКМК Украинадагы согушка каршы акциянын катышуучусун суракка алып, кайра бошотту

12-июнда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашап жаткан Орусиянын беш жараны шаардын борбордук стадионунда Украинадагы согушка каршы тынчтык акциясына чыгышты.

Акциянын катышуучулары «Согушка жол жок», «Адамдарды өлтүрбөш керек» деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.

Эки айдан бери Караколдо жашап жүргөн Илья Шафранов акцияны жергиликтүү бийлик менен макулдашып, соттун уруксаты бар болгонуна карабастан УКМК аны кармап кеткенин билдирди.

«Ошол күнү 12:30дарда УКМК мага чакыруу жиберптир. Пикет саат 14:00дө болмок. Бул бир жагынан тынчтык акциясын бузуу, уюштурулган пикетке жетишпейт болчумун. Адвокат таап, аны менен кеңешип акцияга эле бардым», — деди ал.

Орус жараны атайын кызматта төрт сааттан ашык сурак бергенин айтат. УКМК кызматкерлери ага карата «улут аралык кастыкты козгойт» деген таризде арыз түшкөндүгүн билдиришкен.

«Мени суракка алышып, кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин аныктаган соң саат 16:00дө коё беришти», — деди ал.

Шафров коё берилген соң аны менен Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Өмүрбк Тамаев жолуккан. Ал эми Каракол шаардык мэриясы Илья Шафров тынчтык акциясын борбордук скверде өткөрүүнү суранганын, бирок сот стадионго өткөрүүгө уруксат бергенин тастыктады.

Ал эми УКМК акцияга чыккан орус жаранынын кармалганы боюнча маалымат берген жок.

Согушка каршы митинг

24-февралда орус аскерлери Украинага кол салгандан бери Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында бир нече жолу согушка каршы тынч митингдери өткөн.

Бирок 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынч митинг өткөрсө болорун белгилешкен.

Кийинчерээк райондук сот тынчтык чогулуштарын өткөрүү боюнча чектөөнү 1-сентябрга (бул күндү кошуп) чейин узарткан.

Апрелдин башында Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына Өндүрүш Токтонасыров, Азиза Абдирасулова жана Динара Ошурахунова митингге чыккан. Бирок аларды милиция кармап кеткен. Аларга иш козголуп, Биринчи май районук соту ишти кыскарткан.

Кийинчерээк Бишкекте «Путинизмге каршы» эки тынчтык митинги өткөн. Бирок ал 15 мүнөткө да созулган эмес — катышуучуларды милиция кармап кеткен.

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагына «Путинизмге» каршы митинг болору тууралуу маалымат тараганда кайрылуу жасаган. Ал «бирөө жарым элчиликке келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок» деп белгилеген. Анткен менен митингдин катышуучулары кайсыл бир жактын «эшигин каккылоону» паландашкан эмес.

Президент өлкө «демократия багытынан кайтпаганын» жана «жарандардын оозун тыйып, укугун чектебесин» дагы билдирген.

Бирок «Путинизмге каршы» митингге чейин айрым жарандар Орусияны колдоо акциясын өткөрүшкөн. Бирок ага катышкандарды милиция кармаган эмес болчу.