Адвокат: Алымкадыр Бейшеналиев гипертония болуп, ТИЗОдо кан басымы көтөрүлүп кетти

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыгына арызданууда. Бул тууралуу «Акипресс» басылмасына адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

«Бейшеналиев гипертония менен ооруйт. УКМКнын ТИЗОсу ысык болгондуктан кан басымы көтөрүлүп кеткен. Бүгүн медициналык кароодон өткөрүлөт, бирок кайсы мекемеден экени белгисиз», — деди Абакиров.

Адвокат Бейшеналиев күнөөсүн мойнуна албаганын, 16-июнда Бишкек шаардык сотунда алардын аппеляциясы караларын белгиледи.

Бейшеналиевдин кармалышы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян тийгизген деп шектелип жатат.

Кийин 4-июнда президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Муну менен катар президент Курманкул Зулушевди дагы тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу бошоткон. Жапаровдун администрациясынан Зулушевдин кызматтан четтетилишин башкы прокуратур менен саламаттык сактоо министринин жеке мамилелерин эске алуу менен кабыл алганын түшүндүрүшкөн.

Материалдын автору: Аделя Именова