Баткен: Кыргыз-тажик чек арасынын Булак-Башы тилкесинде кайрадан ок атышуу болду

Иллюстративдик сүрөт. Көк-Таш айылы. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / «Клооп»

14-июнда Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Булак-Башы тилкесинде кайрадан атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, таңкы саат 6:50-7:00дөрдө Тажикстандын «Кех» постунун чек арачылары Кыргызстандын «Булак-Башы» чек ара тозотуна ок атышкан. Натыйжада кыргыз тарап да ок чыгарган. Андан соң эки өлкөнүн чек арачылары аскердик позицияларга өтүшкөн.

Баткен жана Согди облустарынын чек ара башчылары ыкчам чара көрүү максатында телефондон сүйлөшүп, окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Бирок тажик чек арачылары саат 7:50дө аткылоону гранатомёт, миномёттон улантышкан.

Атышуу саат 8:10до токтогон. Учурда эки тараптардын чек ара өкүлдөрү жолугуп, атышуунун себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 8:40ка карата абал чыңалуу деп мүнөздөдү. Мекемеден кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чаралар көрлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» ок атышуунун кесепетинен жабыркагандар жок экенин билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Булак-Башы тилкесинде ок атышуу катталган. Анын кесепетинен Каргызстандын эки аскери жаракат алып, Бишкек жеткирилип ооруканага жаткырылган.

Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү айтылган. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган. Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» маалымдалган.

Тема боюнча:

Чек ара кызматы: Баткенде ок атышуу катталды, тажик тарап миномёт колдонду