«Тагдыры ушундай жазылыптыр». Камчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмүнө УКМКнын тиешеси жок деди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бир жылдан ашуун УКМКнын ТИЗОсунда кармалып каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө «эч кандай тиешесиз жок» деп айтты.

«Себеби анын [Казакбаевдин] дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенбиз. Эч качан баш тарткан эмеспиз [...] Мен, атайын кызматынын жетекчиси катары, Казапаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, тилекке каршы, ушундай окуя болду, анын тагдыры ушундай жазылыптыр», — деп белгиледи ал.

Атайын кызматтын башчысы Казакпаевдин өмүрүн сактап калуу үчүн «биз баарын жасадык» деп ишендерди.

«Мен адамдардын ТИЗОго түшкөнүн оор кабыл алам. Себеби, өзүм да ал жерде болгом, шарттары кандай экенин билем. Шарт начар деп айтпайм, бирок ошол абал эле адамга психологиялык жана моралдык басым кылып коёт. Эгерде адамдын дарты болсо, өтүшүп кетиши мүмкүн», — деди ал.

Равшан Жээнбековдун айтканы тууралуу

Ташиев Казакпаевдин өлүмүн «саясий максатта пайдалангысы келгендер жаңылып жатканын» айтып, аларга «адам өлүмү менен ойнобош керек» деп эскертти.

«Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева сыяктуу Казакпаевдин өлүмүн өздөрүнүн арам, саясий максаттарына пайдалангысы келген саясатчылар терең жаңылып жатышат. [...] Равшан Жээнбеков УКМК Казакпаевге атайылап медициналык жардам көрсөтпөй койгону боюнча жалган маалымат таратты. Бул таптакыр туура эмес. Бул жагдайлар Жээнбековдун моралдык жактан төмөн экенин мүнөздөйт, ал өзүнүн саясий амбициясы үчүн маркумду эскерүү кечесин өзүн пиар кылуу үчүн пайдаланууга даяр», — деди ал.

УКМКнын төрагасы Жээнбековдун «далилсиз билдирүүлөрүндө» «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренеси боюнча кылмыштын белгилери байкалууда деген пикирде.

«Бүгүн эртең менен тийиштүү бөлүмдөргө Равшан Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырдым. Маселенин маңызын билбей, түшүнбөй туруп, маалымат таратуу ага карата да терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн», — деп эскертти Ташиев.

Казакпаевди акыркы сапарга узатууда саясатчы Равшан Жээнбеков сүйлөп, Марат Казакпаевди «бийлик өлтүрдү» деп айыптаган.

«Тилекке каршы бул жерге бийлик өкүлдөрү келиши керек болчу. Бирок алардын бети күйүп келе алган жок. Анткени маратты бийлик өлтүрдү. Оппозициялык, демократиялык кыймыл Мараттын өлүмү “саясий өлүм” деп тааныдык. Марат азыркы бийликтин биринчи өлтүргөн саясий режимдин [курмндыгы] болуп эсептелет. Маратка медициналык кызмыт көрсөтүлбөгү үчүн каз болду», — деген ал.

Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши тууралуу

Казакпаев 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. УКМК шектүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, саясат талдоочу Марат Казакпаев 2019-жылы эле УКМКнын назарына түшкөн. Ал тергөө иштеринен кийин Казакпаев «тана алгыс далилдер» алынганын белгиледи.

«2022-жылдын 1-мартынан тарта Казакпаев жана жактоочусунун өтүнүчү менен күнөөсүн мойнуна алганы боюнча келишим түзүлүп, Биринчи май райондук соту бекиткен. Ал эми 2022-жылдын 10-мартында Казакпаевге карата кылмыш иши тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилген», — деди ал.

Атайын кызматтын башчысы Казакпаевге козголгон кылмыш иши «өтө жашыруун» деген грифке киргизилгенин айтып, тергөөнүн чоо-жайын жана тагылган айыптын маңызын ачыктоо мүмкүн эмес деп кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев комага түшүп, Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканага жеткирилген. Ал гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп калганы кабарланган. Эртеси күнү Казакпаев ооруканада каза болгон.

Тема боюнча:

Анара Казакпаева жолдошу ТИЗОдо кыйноого алынганын айтты