Чек арада октон каза болгон сержанттын үй-бүлөсүнө берилген үйдүн кызыл китеби кайтарылбай жатат

Хусниддин Хажиев жана жубайы Мохина Орунбаева

Былтыр 8-июлда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда каза тапкан чек арачы Хусниддин Хажиевдин үй-бүлөсүнө Баткен шаарындагы «Мадина» шаарчасынан берилген үйдүн тастыктоочу документтери кайтарыла элек.

Маркум чек арачынын жубайы Мохина Орунбаеванын айтымында, үй берилгенден кийин үч ай өткөндө Баткен мэриясы үйдүн документин кайтарып алган. Буга Хажиев жана башка аскерлердин үстүнөн козголгон кылмыш иши себеп болгон.

Бирок Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Хажиевге карата кылмыш ишин каза болгондугуна байланыштуу өндүрүштөн 26-февралда кыскарткан. Анткен менен үйдүн документтери Орунбаевага бериле элек.

«Мен бир канча буюм-тайымдарымды алып баргандан кийин балам ооруп Лейлекке келе бергенмин. Үч ай өтүп-өтпөй квартал башчы чалып “Мадинадагы” бардык үйлөрдүн документтерин оңдогону алып жатабыз, сиз да жөнөтүп жибериңиз дегенинен документтерди жөнөткөм. Кийин документти алганы барганымда жолдошумдун үстүнөн соттук териштирүү бүткөнгө чейин документти ала албасымды айтышты», — деди Мохина Орунбаева.

Ал эми Баткен мэриясынын басма сөз катчысы Данияр Ульмасов жергиликтүү каттоо кызматы Орунбаевага берилген үйдүн кызыл китебин алгандыгын тастыктады. Чек арачынын үстүнөн козголгон кылмыш иши кыскартылгандыктан документтер кайтарылат деп ишендирди.

«“Мадина” шаарчасындагы үйлөрдүн жеке номурундагы каталарды оңдоо үчүн бардык үйлөрдөн документтер алынган. Бирок Хусниддин Хажиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши жүрүп жаткандыгынан улам документ убактылуу кайтарылбай турган. Азыр иштин кыскаргандыгына байланыштуу документ кайтарылат, маркумдун жубайы жергиликтүү каттоо кызматынан келип алып кетсе болот», — деп билдирди Ульмасов.

Хусниддин Хажиевдин жерге берилиши. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Хусниддин Хажиевдин каза болушу жана козголгон кылмыш иши

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 8-июлунда Чашмагильдан ашуусунун аймагында Баткендин төрт атчан чек ара кезметине тажик чек арачылары күтүүсүздөн ок чыгарышкан. Натыйжада 2021 аскер бөлүгүнүн «Таш-Тумшук» чек ара заставасынын 27 жаштагы сержанты Хусниддин Хажиев каза тапкан. Анын сөөгү менен дагы бир чек арачыны Тажикстан тарап барымтага алып, сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөрүп берген.

Кийинчерек Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Хажиевдин жакындарына көңүл айтып, ал «баатырларча» курман болгонун белгилеген. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аскердин жакындарына Баткен шаарынан үй берилерин айткан.

Кадамжай райондук аскер прокуратурасы жаңжал болгон күнү окуяны териштире баштаган. Хажиев жана эки аскерге «Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу» беренесинин негизинде айып коюлган.

Лейлек райондук сотунун 18-апрелде чыккан өкүмүнө ылайык, чек арачылар И.У. жана У.З. күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок соттун чечими менен чек арачыларга эки жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган.

Баткен облустук сотунан «Клоопко» соттолуучулар аппеляциялык даттануу менен кайрылганын, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда сот отуруму өтөрүн билдиришти.

Маркум чек арачынын артында 22 жаштагы келинчеги жана эки уулу калды. Кенже уулу атасы каза болгондон кийин төрөлгөн.