Өкмөт Бишкектин № 47 колониясын жоюу чечимин кабыл алды

Министрлер кабинети Бишкектин батыш тарабындагы №47 колониясын жоюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

«№ 47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган (жазаны өтөп жаткан бардык адамдар буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелерине которулган)», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Өкмөттүн маалыматында № 47 колония «калк жыш жайгашкан аймакта жайгашкандыктан, жанаша жайгашкан турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт» деп белгиленет.

Минкабдын басма сөз кызматынан мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлгөнүн кошумчалашты.

Колониянын имаратын бузуу жана өрт

Быйыл март айында Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектин батыш тарабында жайгашкан №47 колонияны бузуу чечими кабыл алынганын билдирген. Бул колонияларда реконструкция жүргүзүлүп, жаңы имараттар курулары белгиленген. Бул максатка каражат бюджеттен бөлүнөт. Долбоордун сметасы 2019-жылы кабыл алынган.

Ошондой эле ЖАКтан №47 колониясын бузуу иштери «жакын арада» башталарын, ал эми иш максималдуу үнөмдөөнү эске алуу менен жүргүзүлөрүн кошумчалашкан.

Бирок май айында колонияда өрт чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын тийишип кетүүсү себеп болгон.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.