Журналист Куттумидин Базаркулов мамлекетке 3 млн сом төлөп берип, абактан бошотулду

Куттумидин Базаркулов. Сүрөт: БШКнын басма сөз кызматы

Камакта жаткан журналист Куттумидин Базаркулов тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 14-июнда Жалал-Абад шаардык соту Куттумидин Базаркуловду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Бирок журналист кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот залынан бошотулган.

Ошол эле учурда сот журналисттен 3 миллион 215 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өндүрүп алган. Базарбаев тендер өткөрүүдө ушундай эле өлчөмдө мамлекетке зыян келтирген деп айыпталган эле.

2021-жылдын 27-ноябрында Базаркуловду УКМКнын куралчан кызматкерлери Бишкектеги үйүнөн Жалал-Абадга алып кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин анын баш коргоо чарасы тергөө абагында калтырууга узартылып келген.

Атайын кызмат Базаркуловду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап жатат. Базаркуловдун жубайы Жамиля Сыдыкованын айтымында, атайын кызмат Базаркуловду 2015-2016-жылдары ЖТРди жетектеп турганда видео техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн кармаган.

Анткен менен Сыдыкова жолдошунун камалышын «саясий куугунтук» деп баалаган. Себеби Базарбаев бийликтин аракеттерин сындап келген.

Эмне болгон тендер?

2016-жылдын август айында УКМК ЖТРКнын жетекчилигине карата «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ЖТРКнын жамааттык арызынын негизинде атайын органдын жергиликтүү кызматкерлери каржы-чарбалык иштер жана бюджеттик каражаттарды которуунун мыйзамдуулугун текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган.

Облустук телеканалды 2010-2016-жылдар аралыгында башкарып келген Куттумидин Базаркулов ушул ишке байланыштуу кызматынан бошотулган.

Куттумидин Базаркулов деген ким?

Куттумидин Базаркулов «Дербиш» коомдук фондунун директору, «Адам» гезитинин башкы редактору.

2010-2016-жылдары Жалал-Абад облустук телеканалын жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Бирок кийин баш тарткан.

2021-жылдын апрель айында Базаркулов 7-апрель окуясынын 11 жылдыгын утурлай «Март, апрель, октябрь революцияларынын сабактары» аттуу коомдук талкуу уюштурган. Талкууга укук коргоочулар, апрель окуясында курман болгондордун жакындары, жарандык активисттер катышкан.

Акыркы учурларда эркин журналист, «Модератор. кж» сайтынын ээси катары белгилүү.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Куралчан адамдар алып кетишти». Эркин журналист Куттумидин Базаркулов камакка алынды