Фактчек: Атазовдун митингдеги колдоочулары мурда чагымдарга катышып жүргөн

Аялдардын укугу үчүн жана депутат Шайлообек Атазовдун антиконституциялык демилгесине каршы 15-июнда Бишкекте өткөн митингди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган аялдар — чагымчылар. Т-медиа басылмасы иликтөө жүргүзүп, Атазовдун тарапташтары буга чейин чагымчыл акцияларга катышып жүргөнүн аныкташты.

Басылманын маалыматына ылайык, Атазовдун тарапташтарынын бири Ыргалай Бекмуратова — чагымчылдык акцияларда байма-бай катышып жүргөн аял.

Азиза Бердиваеванын сүрөтү.

Бекмуратова буга чейин опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган. Ал Лейлек районунун мурдагы акими Бекмурат Баймуратовдун эжеси. Мурдараак Баймуратова Kaktus Media басылмасын жабуу талабы менен митингге чыккан.

Басылма Ыргалай Бекмуратованын жанындагы аял дагы мурда көзкарандысыз ЖМКга каршы митингге катышканын жазат. Ал Салия Жолонова катары таанымал — «Ааруке апалар» коомдук фондунун директору.

Жолонова быйыл март айында Кыргызпатент Нооруз майрамына карата уюштурган иш-чарага катышкан. Төмөндөгү сүрөттөр Кыргызпатенттин Фейсбуктагы барагынан алынды.

Ушул эле сүрөттөрдөн акциянын дагы бир катышуучусу, Турсунай Жаналиеваны байкаса болот. Ал Фейсбукта Ыргалай Бекмуратованын достугунда бар.

Ал эми митингде активисттердин плакатын айрыган кишинин аты-жөнү Орозбек Асеков. Буга чейин ал Kaktus Media’га каршы митингге да катышкан. Асеков Болот Темиров кармалган кезде өткөн нааразылык акциясына дагы барып, чагымчылдык кылган.

Нааразычылык акциясын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган Атазовдун дагы бир тарапташы — Самат Дүмүров. Ал Фейсбук барагында Атазовду активдүү колдоп келет. Osoo.kg сайтындагы маалыматтарга ылайык, ал «Усман-Умар» ЖЧКнын директору.

Аялдардын укугу үчүн митинг

Аялдардын укугу үчүн жана депутат Шайлообек Атазовдун демилгесине каршы митинг 15-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөн.

Буга чейин парламенттин 9-июндагы жыйынында Атазов 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салууну демилгелеген. Депутат аларга ата-энесинин коштоосунда же күйөөгө тийгенден кийин гана өлкөдөн чыгууга уруксат бериш керек деп сунуштаган.

Ак үйдүн алдына чогулган активисттер «Атазов кыздардын укугунан колуңду тарт», «Атазов мандатыңды тапшыр», «Биз силердин рейтинг эмеспиз!», «Эркин айым — өнүккөн өлкө» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Акциянын катышуучулары өздөрүнүн резолюцияларын окуп беришкен. Анда Кыргызстанда аялдар менен эркектер бирдей укукка ээ, эч ким аялдарды басынтпашы керек деген ой айтылган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Атазовдун өлкөдө аялдардын укугун бузган сөздөрүнө тынчсыздануусун билдиришкен.

Митингге чогулгандарга Атазов чыкканда чогулгандар «Атазов мандатыңды тапшыр» жана «Кызматтан кет» деген ураандарды кыйкырышкан.

Көп өтпөй эле Ак үйдүн алдындагы митингчилерге Атазовду колдоп келген улуттук кийинчен аялдар кошулган. Алар нааразычылык акциясына чогулган кыздарга «өлкөнү уят кылып жатасыңар, ал эми Атазовго окшогондор өлкөнүн тагдырын чечип жатат» деп ач айкырык салышкан.

Акциянын эки катышуучусу «Атазов мандатыңды тапшыр», «Атазов ПНХ!» деп жазылган плакаттарды кармап Атазовдун артына барып турушкан. Ошол учурда алардын жанына эки киши келип, транспоранттарды айрып салышкан.