«Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык». Талант Мамытов UFC чемпиону Шевченко менен жолукту

Таламн Мамытов жана Валентина Шевченко. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолукту. Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин Шевченко UFC чемпиону наамын жетинчи ирет коргогон.

Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмиль Токтогонов катышты.

«Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат», – деди парламент төрагасы. Ошондой эле, Мамытов спортчуга төраганын энчилүү саатын тапшырды.

Аны менен катар, Талант Мамытов спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: «Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 12-июнда чемпиондук наамын катары менен жетинчи жолу коргогон. Ал UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койгон жалгыз спортчу болуп эсептелет.

2021-жылдын декабрь айында Валентина Шевченко UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым болуп тандалган.

Автору: Лев Потапов