Ассоль Молдокматова: Биз — Кыргызстандын аялдары, бизди чектеп, сындырганга жол бербейбиз!

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук барагында депутат Шайлообек Атазовдун сунушуна жана Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровдун айткандарына пикирин жазды.

Буга чейин Атазов 18-20 жаштагы кыздарга чет өлкөгө ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыккандан кийин гана чыгууга уруксат берүү керек деп сунуштаган. Ал эми Тайчабаров кыргыз кыздарынын 30% Түркияда секс-кызмат көрсөтүп иштейт деп билдирген. Саясатчынын экөөсү тең кескин сынга алына баштаган.

Молдокматова Кыргызстан светтик өлкө экенин, кыздарга өлкөдөн «чыгып же чыкпоону» айтууга эч кимдин укугу жоктугун эскертти.

«[...] Биз — эркиндикти сүйгөн, элдин жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өз уулунун өмүрүн курмандыкка чалган дипломат айым Курманжан Датканын урпактарыбыз. Силердин “жапайы” ыкмаңарга моюн сунуп, “кулпуланууда” жашайт деген шартыңарды кабыл алып, көнүп берет деп ойлоп жатасыңарбы?! Ооо, Жок!» — деп жазды ал.

Коомдук ишмер кыздардын көбү Кыргызстанда өндүрүш жоктугунан улам чет өлкөдө иштөөгө аргасыздыгын белгиледи. Ал жарандардын чет өлкөгө чыгып кетүү маселесин чечүү үчүн саясатчыларга ишти жумуш орундарын түзүүдөн жана респбуликада антикризистик программаны иштеп чыгуудан баштоону сунуштады.

«Тыюу менен эч нерсени чече албайсыңар! Биз андайдан эбак эле өткөнбүз! Же өзүңөрдү аң-сезимиңерде чачты кайсыл түскө боёш керек, кандай узундуктагы кийим кийүү керектигин айткан Түркмөнстанда жүргөндөй элестетип жатасыңарбы?

Силер ал өлкөгө конок болуп көп барат окшойсуңар. Жок! Биз силерге өз эркибизди, бекем көз карашыбызды сындырууга жол бербейбиз! Биз эркиндикти өтө эле сүйөбүз!

Биз — Кыргызстандын аялдары, бизди сындырууга жана чектөөгө жол бербейбиз!» — деп жазылат коомдук ишмердин билдирүүсүндө.

Молдокматова «эл кызматындагыларга» жана алардын балдарына салык төгүүчүлөрдүн эсебинен чет өлкөгө чыкканды токтотууну дагы сунуштады.

«Өлкөдө айрым эркектер кыргыз кыздарынын тагдырын чечип, ким-канчада өлкөдөн чыга аларын чечүүгө укугубуз бар деп ойлоп алганы таң калтырат. Акылсыздык. Андай эч качан болбойт!» — деди Молдокматова.