Бишкек: Бала бакчада балдарды чаап урушкан эки кызматкер иштен бошотулду

Социалдык тармактарда 18-июнь күнү Бишкектеги жеке менчик бала бакчалардын биринде мекеменин кызматкери баланы сабап жатканы татылган видер тараган.

Видеого эки аял жана эки бала тартылган. Андан аялдардын бири «балдарды ойготуп жатасың» деп балдардын бирин «башың иштебейт эшек» деп жамбашка чапкылап жатканын көрүүгө болот. Баланын ыйы басылбаганда аял короонун буручундагы курулманын эшигин ачып камоо менен коркуткан. Мындан улам бала ого бетер ыйлап баштаган. Ал убакта короодогу дагы бир аял экинчи баланы чапкылай баштаганы угулат.

Бул окуя Кызыл-Аскер конушундагы «Маленькая золушка» жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемесинде болгону аныкталды. Бала бакчанын администрациясынан «Клоопко» баланы сабаган аял иштен бошотулганын айтышты. Администрациядан аял өз баласын чапканын, ал бала бакчада ашпозчу болуп иштегенин билдиришти.

«Уктоо маалына даярдануу алдында бала өзүнүн жана кыздын ички кийимдерин чечиптир. Бизде видеокөзөмөл болгондуктан, кыздын апасы видеону тарбиячыга жибериптир. Тарбиячы балдарды уктатып коюп, видеону баланын бизде ашпозчу болуп иштеген апасына көрсөтүптүр. Ал видеону көрүп, кармана албай, уулу экинчи андай кылбашы үчүн урушуптур», — деп түшүндүрүштү бала бакчадан.

Бала бакчадан видеодогу экинчи аял ушул эле ишканада тарбиячы болуп иштегенин, ал эми сарайга камайм деп коркуткан бала өзүнүн уулу экенин айтышты. Ал дагы иштен бошотулган.

Администрациянын маалыматына ылайык, аны жумуштан бошотууга ашпозчу балага кол көтөрүп жатканына күбө болгону себеп болгон. Администрациянын айтымында, «андай болбошу керек». Бирок ал жерден аял «кылмыштуу эч нерсе» кылбаганын, болгону өз баласын урушканын белгилешти.

Бишкектин Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган факт маалыматтарды каттоо журналына киргизилип, иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.

Балдарга карата зомбулук

2021-жылдын 10-ноябрында БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Кыргызстандагы балдарга карата зомбулук маселеси көтөрүлгөн. Бириккен улуттар уюму балдардын көбү зомбулукка жана мазактоого кабылып жатканына тынчсызданган.

Зомбулуктан жабыркаган балдар үй-бүлөсүндө жана балдар үйлөрүндө камкордукка алынбаганы айтылган — мисалы, интернаттарда. 2019-2020-жылдары балдар үйлөрү менен интернаттарда жүргүзүлгөн мониторинг балдарга аёосуз мамиле кылуунун алдын алуу системасы натыйжа бербей жатканын аныктаган.

Мындай балдар зомбулук көрүп жатканын айтып арыздана албайт, ал тургай аларды урганга, күч колдонуп жазалоого болбосун дагы билишпейт. Алардын мобилдик телефондору жок, болгону интернаттын администрациясындагы телефонду колдонушат. Демек, алар балдар үчүн тынымсыз байланыш номерине чалып, зомбулук тууралуу айтып бере алышпайт.

Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн Комитет мамлекетке үй-бүлөдө, балдар үйлөрүндө, балдарга камкордук көргөн альтернативдүү жайларда (фостердик үй-бүлөлөр) же балким аларга кам көрүп жаткан туугандарына жашы жете элек балдарды күч колдонуп жазалоого түздөн-түз тыюу салууну сунуштаган.

Мындан сырткары, БУУ Кыргызстан балдардын укуктары боюнча элдин билимин жогорулатуу чараларын көрүүсү керек деп эсептейт.

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам берсе болот?

Эгер сиз балдарга карата зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз, 111 номери аркылуу «Балдар үчүн ишеним номерлерине» акысыз жана анонимдүү түрдө кайрылсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү иштейт. Психологдор чоңдорго да, балдарга да консультация берип, эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо кайрылууңузду аларга багыттап беришет.

Ошондой эле зомбулуктан жабыркаган балдар жана өспүрүмдөр үчүн жардам көрсөтүү борборлору иштейт:

  • Чүй облусу, Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Байланыш номерлер: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Байланыш номери: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Байланыш номери: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариев көчөсү №163. Байланыш телефону: 03922 50405, 03922 50212.
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Байланыш телефону: 03945 24546

Дагы окуңуз: «Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз