Токтакунов: «Бийлик» абакта көз жумган Асанбаевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин далилдеши керек

Юрист Нурбек Токтакунов кыргызстандыктар «Айыл Банктын» башчысынын мурдагы орун басары Асанбаевдин өлүмүнө абак жайдын администрациясынын тиешеси болушу мүмкүн деп айыптоого укуктуу деп эсептейт. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жазды.

18-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун кредиттик тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2022-жылдын 30-апрелинен бери ТИЗОдо камакта болчу.

«Мына-мына абактан чыгам деп турган киши жипке муунуп алса, киши колдуу болуп өлдү деген ой өзүнөн-өзү пайда болот да», — деп жазды ал.

Токтакунов күнөөлүүлүк презумпциясына ылайык, бийлик түрмөдөгү кишинин өлүмүнө тиешеси жок экенин далилдеши керек деп кошумчалады.

«Же маркум өлүм алдында кат же видео жазып калтырып, өзүнө ишенимдүү, өз эрки менен арканга барып асынганын тана алгыс далилдерди келтириш керек. Же анын өмүрүнө кол салган киши өлтүргүчтүн аты ачык айтылсын», — деп айтылат юристтин билдирүүсүндө.

Ошол эле кезде юрист, биринчи жана экинчи версия боюнча далилдер жок болсо, анда камакта жаткан адамдын өлүмүнө абактын жетекчилиги, атайын кызмат жана бийлик күнөөлүү болуп калат деп белгиледи.

«Бул өлүмгө коркпой эле Ташиевди айыптай берсеңер болот, ал ынанымдуу актанып, фактыларды келтирүүгө милдеттүү. Күнөөсүздүк презумциясы кылмыш жообуна тартпаганы менен, отставка деген бар. Бийликтин жогорку баскычындагы кадр маселесинде бийликтин күнөөлүүлүк презумциясы иштейт», — деп жазды адвокат.

Ошондой эле, Токтакунов Башкы прокуратура эч кандай далил таба албаса, президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге карата чара көрүшү керек деп кошумчалады. Юристтин пикиринде, Ташиевге карата эң жеңил чара анын отставкасы болууга тийиш.

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Асанбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголушу керек деп билдирди. Ал эми УКМКнын ТИЗОсунун жетекчиси жана тергөө абагын тескеген УКМКнын төрагасынын орун басарын кызматтан четтетүү керек деп эсептейт депутат.

«Кылмыш ишин бейтарап иликтөө үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган тергөө тобун түзүү керек. УКМКнын ТИЗОсунун тагдыры тууралуу ойлоно турган учур келди: мүмкүн аны жоюп салса болот. Бир эле аптада ушул ТИЗОдо эки адам өлдү», — деп жазды Бекешев.

Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» акционердик коомунун башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалган.

«Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракетин өз убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Бирок, маркумдун бир тууганынын айтымында, Асанбев 17-июнда башка камерага которулган. Акыркы күндөрү ким менен бирге кармалганы — белгисиз.

УКМК маркумдун өлүмүн териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирген.

Ал эми Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаганын маалымдаган.

Маркумдун бир тууганы Талант Асанбаев Бакыт Асанбаевдин сөөгүн ачууга катышканын айткан. Анын айтымында, маркумдун кабыргасы, акырек сөөгү сынган жана чыканагында көк ала тактар аныкталган.

Асанбаев маркумдун көкүрөк туштундагы сөөктөр биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда (жасалма дем алдырууда — ред.) сынган эмес деп эсептейт. Маркумдун бир тууганынын Бакыт Асанбаевди урушкан болушу мүмкүн деген күмөнү бар.

Маркум Бакыт Асанбаевдин сөөгү 19-июнда «Ала-Тоо» көрүстөнүнө жерге берилди.

Кийинчерээк Асанбаевдин өлүмү боюнча президент Садыр Жапаров комиссия түзгөнү белгилүү болду.

Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.