УКМКнын абагында каза тапкан «Айыл-Банктын» башчысынын мурдагы орун басары жерге берилди

Сүрөт: Активист Адилет Балтабайдын Фейсбук барагынан

Бүгүн 19-июнь «Айыл Банк» ААКтын башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ал 18-июнда УКМКнын тергөө абагында каза тапкан.

Маркум 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Асанбаевдин тажиясы Чүй облусунун Новопавлока айылында өттү.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ААКтын кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ТИЗОдо камакта болчу.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ТИЗОнун кызматкерлери жана камерада бирге отургандар ага биринчи жардам көрсөтүп, медиктерди чакырган. Бирок ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калгандыктан, жерине келген дарыгерлер өлүмдү катташкан.

УКМКдан Асанбаев дагы үч айыпталуучу менен бирге сан-блокто кармалганын белгилешти. Алар эки камерада эки адамдан кармалган.

«Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракетин өз убагында алдын ала алышкан эмес», — деп белгилешкен комитеттен.

Бирок, маркумдун бир тууганынын айтымында, Асанбев 17-июнда башка камерага которулган. Акыркы күндөрү ким менен бирге кармалганы — белгисиз.

УКМКдан маркумдун өлүмүн териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалганын билдирген.

Ал эми Башкы прокуратурадан аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө баштаганын маалымдаган.

Маркумдун бир тууганы Талант Асанбаев Бакыт Асанбаевдин сөөгүн ачууга катышканын айткан. Анын айтымында, маркумдун кабыргасы, акырек сөөгү сынган жана чыканагында көк ала тактар аныкталган.

Асанбаев маркумдун көкүрөк туштундагы сөөктөр биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда (жасалма дем алдырууда — ред.) сынган эмес деп эсептейт. Маркумдун бир тууганынын Бакыт Асанбаевди урушкан болушу мүмкүн деген күмөнү бар.

Ошондой эле ал Асанбаев өз жанын кыймак эместигин, ага эч кандай себептер жок болчу деп белгилеген.

Мындан тышкары, ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн. «Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Айрым ЖМКнын маалыматына ылайык, Асанбаев 20-июнда абактан бошотулмак. Анткен менен маркумдун адвокаты Нур Кылычбаева бул маалыматты bulak.kg’ге маек куруп четке каккан. Ал 20-июнда сот отуруму өтүп, анда Асанбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнмө берилмектигин билдирген.