«Казинону ЖМКларда жарнамалоого жол берилет». Парламенттик комитет казино ачуу мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июндагы жыйынында казинолорду ачуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Твиттер барагына жазды.

Анын айтымында, тармактык комитеттин жыйынына президенттин өкүлү жана парламенттин аппарат жетекчиси да катышты.

Депутат мыйзам долбоорунан онлайн казино ачуу жана аны жарнамалоого уруксат берүү беренесин алып салууну сунуштаганын, бирок демилге колдоо таппаганын айтты.

«Мен каршы деп добуш бердим. [...] Бул мыйзам долбоору онлайн-казиного жана күнү-түнү кумар оюндарын ЖМКда, сыналгыда жана билборддордо жарнамалоого уруксат берет. Бул биздин бийлик эмне деген күндө да, жарандар казино ойнойт дегенди түшүндүрөт», — деп жазды Бекешев.

Аны менен катар, депутат кумар оюндарына берилип кеткен жарандарды көзөмөлдөө үчүн кара тизме киргизүүнү сунуштады. Бирок анын бул сунушу да колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында депутаттар оюн автоматтары жана букмекердик залдарды ачууну шарттаган «Оюн-зоок иши» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырышкан. Отурумга расмий түрдө 69 депутат катталган. Долбоорун кабыл алууда алардын 56сы «макул», ал эми 13ү «каршы» добуш беришкен.

Бул мыйзам долбоору коомчулукта нааразычылык жаратып, борбор калаада жана аймактарда митингдер уюштурулуп келет. Активисттер «казино кыргыз элин балээге түртөт» деп эсептешет.

Митингдин катышуучулары «казино экономиканы толтура албайт» деп белгилеп, президент Садыр Жапаров менен парламент депутаттарына бюджетти толтуруу үчүн «коррупцияны токтоткула» деп кайрылган.

Кумарканаларды ачуу демилгеси

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген.

Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеп, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатаарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан.

Долбоорго ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контора жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштырууну көздөйт.

Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштаган.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын жарандары менен ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо электер кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эл деген сел болот». Ак үйдүн алдында казино ачууга каршы митинг өттү

«Казино, арам, президент». Ысык-Көлдө кумаркана ачуу мыйзам долбоору талаш жаратты