Алмазбек Атамбаев: Бүгүнкү бийлик башка экс-президенттердин кеңешин угат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Новые лица» онлайн-гезитине Молдовановка айылындагы №27 колониядан интервью берди.

Интервьюда журналист Атамбаевден өлкөдө туруктуулук менен тынчтыкты сактап калуу үчүн учурдагы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кандай кеңеш берет элеңиз деп сурады.

«Кеңешти угууга даяр кишиге берет. Ал эми бүгүнкү күндөгү бийлик башка экс-президенттердин кеңешин угат», — деп жооп берди Атамбаев.

Атамбаев бүгүн ал бийликке алгач келген жылдардагыдай кыйроо жок экенин кошумчалады.

Анын айтымында, ошол учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында кыйраган имараттардан түтүн чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында адамдар суткалап жарыксыз, газы жок отуруп калышкан. Жадагалса борбор калаада түзүгүрөөк жол калган эмес. Атамбаев анда аскердеги жоокерлерге куралды мындай кой, кийим-кече менен тамак-аш да жетпей калган учурлар болгонун кошумчалады.

«Азыр электр жарыгы же газ үчүн эмес, жарандардын, ишкерлердин укуктары жана эркиндиктери үчүн митингге чыгып жатышат — бул абдан сонун! Биздин жарандык коом күчтүү, ЖМКлар иш жүзүндө парламенттин ордуна олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгат. Биздин эл коркутуп, тизе бүктүрө албай турган эл!» — деп жыйынтыктады Атамбаев.

Атамбаев жана анын үзөңгүлөштөрү 2019-жылы 8-августа Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон башаламандыктан кийин кармалышкан.

Атамбаевге карата бир нече кылымш иши козголгон. Ал 2019-жылдын августундагы Кой-Таш жана 2020-жылдагы октябрь окуяларынын, ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштулушу жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча иштеринин фигуранты.

Атамбаев Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү жана «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу иштер боюнча акталган.

Тема боюнча окуңуз: Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев