Швейцария Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн 6 миллион доллар бөлөт

Швейцария «Нарын шаарынын туруктуулугу» долбооруна 6 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу 23-июнда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор беш жылга созулуп, аны Нарын мэриясы жана «Ага-Хан Өнүктүрүү» уюму ишке ашырат.

«Долбоор климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуу болууга жардам берүү үчүн Нарын шаарынын калкына, инфраструктурасына жана экономикасына колдоо көрсөтүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» дүң кирешесинин 0,6%ын ай сайын Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которот. Тишелүү документке ушул жылдын май айында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындай чечим облустун социалдык-экономикалыкөнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы маалымдалган.

2021-жылдын июнунда Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган. Анда өлкө башчысы «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүү чечими кабыл алынганын айткан.

Мурда «Кумтөрдөн» түшкөн акча Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна түшүп турчу. Бирок, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, беш жылда ал жактан кеминде 150 млн сом уурдалып жок кылынган.