Нарын облусун өнүктүрүү фонду жана 40 млн $ киреше. Жапаровдун Кумтөргө болгон сапары

«Кумтөргө» сырткы башкаруучу киргизилип, ал эми башкаруучусу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалгандан кийин президент Садыр Жапаров 15-июнда кенге алгачкы жолу барып келди.

Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, президентке өндүрүш көрсөтүлгөн. Жаңы жетекчилик бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасы «44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнүн» айтып отчёт берди.

Ошондой тышкы башкаруу мезгилинде «Кумтөр Голд Компани» ЖОЖдордун студенттери үчүн жайкы практика жана алардын бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген. Муну менен компания аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатын көздөйт.

Мындан тышкары, Жапаров ишкананын эмгек жамааты менен жолукту. Ал кен «иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей тургандыгын» баса белгилеп, «Кумтөрдүн» кызматкерлерин «өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө» үндөдү.

Ишканын эмгек жамааты президент Жапаров менен жолугушууда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Ошондой эле Жапаров аларга «Кумтөр Гол Компани» ЖАКына байланыштуу бир катар убадаларды берди.

Жапаров эмнени убада кылды?

Президенттин айтымында, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бирок мамлекет башчысы фонддун каражаты кандай максаттарга жумшалаарынын, үстүнөн көзөмөл кандай жүргүзүлөөрүн айткан жок.

Мурда «Кумтөрдөн» түшкөн акча Ысык-Көл олусун өнүктүрүү фондуна түшүп турчу. Бирок, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, беш жылда ал жактан кеминде 150 млн сом уурдалып жок кылынган.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каражатынын дагы бир бөлүгү Балык — Барскоон автожолун курууга жумшалат. Өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана компаниянын башкаруучусуна бул боюнча тапшырма жолугушуунун өзүндө берилди.

«Унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жолдун» курулушу быйыл башталат. Күзгө чейин анда биринчи асфальт пайда болуп калышы керек.

Ошол эле учурда президент тарабынан долбоордун болжолдуу баасы менен аны кура турган жалданмачы өлкөнүн аты аталган жок.

Мындан тышкары, Жапаров өлкөдө мерчемделип жаткан социалдык-экономикалык реформалар, жарандардын бардык категориялары үчүн «ипотека ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чаралары, тышкы саясаттагы актуалдуу багыттар жана пландар» жөнүндө дагы учкай кеп кылды.

Кумтөрдүн эмгек жамааты так эмне тууралуу сурашканы белгисиз — басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, аларды «учурдагы иши, ден соолуктарын чыңдоо жана социалдык мүнөздөгү башка уюштуруу чаралары боюнча суроолор» кызыктырган.

Жапаров өз жоопторунда аларга эмнени убада кылып, кандай жооп бергени дагы белгисиз — басма сөз кызмат жолугушуунун стенограммасын жүргүзгөн эмес. Ал «көтөрүлгөн бардык суроолорго жооп берип, өз кезегинде “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалаганы» гана белгилүү.

Кумтөр жана тыштан башкаруу

Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Октябрь райондук соту мамлекеттин пайдасына «Кумтор Голд Компани» ишканасынан 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүүнү чечкен.

Ага чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда компаниялардын биринде тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Канада ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Centerra Gold кандай чараларды көрүп жатат?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укутарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

«Жылдын башынан тарта Кыргызстандын бийлиги укмуштуу ылдамдык менен Кумтөр кенин иштетүүнүн негиздерин бузууга аракеттерди көрүп, талаштуу маселелер боюнча кызматташуудан баш тартууда. Өкмөттүн мындай аракеттери Centerra компаниясына өзүнүн мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга, башкача айтканда “Кумтөр Голд Компани”, Centerra жана акционерлердин кызыкчылыктарын арбитраж аркылуу гана коргоодон башка арга калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кааласа, биз буга даярбыз», — деген Скотт Перри 16-майда.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

«Мындан ары Centerra Gold Кумтөр кенин көзөмөлдөбөйт жана кызматкерлердин, кендин ишмермердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Өкмөт кен жайын өз карамагына тартып алганга чейин, негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация бардык системалар талапка ылайык иштеп жаткан», — деп билдиришкен компаниядан 17-майда.

Тема боюнча: «Центерранын» президенти кыргызстандыктарга кайрылды

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылган.

Канаданын ишканасы Бөлтүрүк компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлүк кызматынан кеткенге чейин кыргыз өкмөтү менен кенди басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргөн деп билдирген.

«12-майда, кенди басып алганга чейин, “Кыргызалтын” 29 миллион доллар каражатты үчүнчү жакка жөнөтүлүүчү жасалма төлөм тапшырыгын колдонуу менен күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылган. Ал эсеп болжолу “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган», — деп айтылат Centerra компаниясынын билдирүүсүндө.

* «Кыргызалтын» Centerraны «“Кыргызалтындын” дарегине обу жок айыптоолорду айтуудан карманууга» чакырган.

Канадалык компания сот аркылуу Бөлтүрүктүн Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышуусуна тыюу салдыргысы келет.

Ошондой эле 1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгилүү болгон.

Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.