Жалал-Абад: Оор жүк ташуучу унаа менен «Лексус» кагышып, эки адам каза болду

Жалал-Абадда «Волво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен «Лексус 470» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, авария Бишкек — Ош унаа жолунун 323-чакырымында катталды. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде жан берген.

Жерине Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жети куткаруучусу барып, жеңил унаада кыпчылып калган сөөктөрдү чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Министрликтин басма сөз кызматынан учурда маркумдардын өздүгү такталып жатканын кошумчалашты.

Кечээ, 22-июнда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында күйүүчү май ташыган унаа жолдун четине чыгып өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болгон.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам кайтыш болгон. Кырсыктан 96 адам ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар, ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешкен.

Тема боюнча:

Кадамжайда ӨКМдин унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан сегиз киши каза болду