Банкир Асанбаевдин өлүмү. Абдрахматова Байсаловду эрте бүтүм чыгарбоого чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун Бакыт Асанбаев өз өмүрүн кыйган деп эсептейт. Бул тууралуу Байсалов УКМКнын ТИЗОсуна барганда айтты.

Байсалов Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия бир күн мурда ТИЗОнун байкоочу камераларына жазылып калган видеону көрүп чыкканын маалымдады.

«Кечээ биз видео тасма менен таанышып чыктык, ошол себептен дагы отурум оор болду. Түз факт жок, бирок кыйыр фактылар боюнча 99%га четке кагылат, ал камерада жалгыз болгон экен. Видеодо ал өз жанын кыйган учур көрүнүп турат: көлөкөсүнөн, сөлөкөтүнөн киши өз жанын кыйганын көрүүгө болот. Үй-бүлө мүчөлөрү да буга ынанышты», — дейт Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын айтымында, «адам өлтүрүү болбогону ачык эле көрүнүп турат». Ал Асанбаевдин өлүмү — «ЧП» жана кырсык деп эсептейт.

«Медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бирок албетте бул жаракаттар механикалык мүнөзгө ээ, адам деген оор, электр чубалгысы… Менин оюмча сыныктар табигый мүнөгө ээ», — деди Байсалов жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы эки жуманын аралыгында даяр болот деп кошумчалады.

Ошонондой эле ал комиссия төртүнчү ирет жыйынга чогуларын белгиледи.

«Аскер прокуратурасы тергеп жатат, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Президент тарабынан түзүлгөн биздин комиссия коомдук-моралдык-саясий мүнөзгө ээ. Үй-бүлө мүчөлөрү: Асанбаевдин эки агасы, анын жесири, саясат таануучу Марат Казакпаевдин жесири да комиссиянын курамында бар», — деди Байсалов.

Байсалов саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу да сөз кылды. Ал Казакпаевдин үй-бүлөсү маркум ооруп жүргөндүктөн дары-дармекти көп ичип жүргөнүн айтканын баса белгиледи.

Аталган комиссиянын курамына кирген акыйкатчы Атыр Абдрахматова Байсаловдун айткандары боюнча Kaktus.Media’нын кабарчысына интервью берди.

Акыйкатчы адам өз жанын кыйган-кыйбаганын, өлүмгө эмне себеп болгонун — соттук медициналык эксперттер аныкташы керектигин баса белгиледи.

«Ооба, биз камераны, видеожазууларды көрдүк, камерада бирге отургандарды сурап чыктык, маркум каза болордун алдында тергөөчү менен сүйлөшүптүр, анда жанында двокаты болгон эмес. Эми тергөөчү менен да сүйлөшүү керек, ага да суроолорубуз бар. Камакта кармоонун шарттары боюнча да суроолор бар: Эмне үчүн камерада узартчык кабель болгон, адамга залакасы тийиши мүмкүн болгон каражаттар турган» — дейт Абдрахматова.

Абдрахматова ошондой эле, комиссия эмне үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүнө эки күн калганда, Асанбаев башка камерага которулганын териштире турганын айтты.

«Маркум узак убакыттан бери кармалган камерада дене-башын чоюп, кыймылдоого мүмкүнчүлүк жок. Ал эми бул камерада шарттар башкача. Ошондуктан, бардык материалдар каралып чыгып, бул окуяга тиешеси бар адамдардын баары суралып бүтмөйүнчө бир нерсе деп айтууга эрте жана туура эмес», — деди акыйкатчы.

Абдрахматова саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча да документтештирүү жана ага биринчи медициналык жардамды канчалык ыкчам көрсөтүшкөнү боюнча суроолор бар деп эсептейт.

Казакпаев менен Асанбаевдун өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде ТИЗОдо камакта болчу.

Бакыт Асанбаевдин туугандары ал өз жанын кыймак эмес дешкен. Алар сөөктү ачканда кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар аныкталганын айтышкан.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия түзүлгөн. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.