Бишкек: Милиция Эркиндик гүлбагында уурдалган кызды издеп жатат

Иллюстративдик сүрөт.

Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициясы 23-июнда Эркиндик гүлбагында уурдалган кызды издеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

23-июнь күнү кечинде black_list.kg телеграм каналына Эркиндик гүлбагы менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалганы тууралуу видео жарыяланган. Телефонго тартылган кыска видеодон кыз «Жардамга» деп кыйкырганын угууга болот. Ал эми видеого тартып жаткандар «аны уурдап кетишти» деп жүрүп кеткен унааны көздөй чуркаган.

Окуяга күбө болгондор белгисиз адамдар кызды «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаага салып кетишкенин, бирок унаанын номерин көрө албай калганын айтып беришкен.

«Машина Эркиндик менен ылдый түшүп, Жибек-Жолуна бурулуп кетти», — деп кошумчалашкан алар.

Бул факты Биринчи май райондук милициясынын маалымат журналина каттоого алынды. Райондук милициядан Бишкек ШИИББ жана Чүй ОИИБдин өздүк курамы ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп жатканын белгилешти. Укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштады.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

2013-жылы Кыргызстандын жазык кодексинде ала качуу (мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоо) үчүн жаза катталданган. Мисалга, 2018-жылдын ноябрь айына карата болгону 895 кайрылуу катталган. Алардын ичинен болгону 18%ы кылмыш ишине өндүрүлүп, сотко болгону 28 учуру жеткен.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айынын ичинде 187 кыз уурдоо фактысы каттаган. Анын ичинен сегизи гана сотко өткөрүлгөн.

Кыздардын көбү укук коргоо органдарына кайрылбайт, алар ала качылып барган жердин басымынан ошол жерде калып калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен түзүлөт.

Жаңы Жазык кодекси боюнча, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоо жана 18 чыга элек кызды уурдоо эми өзүнчө учурлар катары каралбай калды. Жазык кодексинин 165-беренесине ылайык, адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону коомдо резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда шектүүнү милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан бала Бурулайды өлтүрүп салган.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекова мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалып, эки күндөн кийин анын сөөгү табылган. Айзаданы уурдаган Замирбек Теңизбаев аны алгач зордуктап, андан соң өлтүргөнү аныкталган.

Милиция Теңизбеков кызды муунтуп, андан кийин өз жанын кыйганын билдирген. Кийин Теңизбаев кызды өлтүрөрдүн алдында зордуктаганы дагы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!

«Башканын кызы деген жок». Ала качуу жөнүндө кыска тасма