Жалал-Абадда 20 жаштагы тургунду өлтүрүүгө шектелип теңтушу кармалды

Жалал-Абад шаарында 20 жаштагы тургунду өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун 21 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-июнда болгон. Жалал-Абад шаарындагы Курорт участкасынын мисте токоюнда 20 жаштагы тургундун сөөгү табылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми соттук-медэкспертизанын жүрүшүндө тургун башынан жаракат алып, мээсине кан куюлуп кеткенден улам каза болгону аныкталган. Мындан сырткары анын жети кабыргасы сынганы белгилүү болгон.

Милиция тергөө учурунда тургунду өлтүрүүгө шектелгендерди өздүгү такталганын билдирди. Учурда 21 жаштагы шектүү кармалып, эки айга камакка алынды. Анын шериктерин кармоо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Короосуна көмүп салган». Сузактын тургуну аялын муунтуп өлтүрүүгө шектелип кармалды