Алайда 3 жашар балага таежеси менен жездеси зомбулук көрсөтүп жүргөнү аныкталды

«Балдардын укукгун коргоо лигасынын» башысы Назгүл Турдубекова Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында үч жашар баланы туугандары сабап, ооруканага түшкөнү тууралуу жазып чыкты.

Анын айтымында, баланын апасы менен атасы ажырашып кетишкен. Апасы иштегени Бишкекке кетип, карап турсун деп баласын тууганына калтырган.

«Ал болсо [тууганы] алдын ала маалымат боюнча, баланы көптөн бери сабап жүргөн, баланын денесинде күйүктүн тагы да бар экен. [...] Эгерде бала чоңураак болгондо милицияга чалып, жардам сурайт эле да. Бирок бул жерде үч жашар бала жабыркап жатат», — деди Турдубекова.

Сүрөт: «Балдардын укукгун коргоо лигасы» уюму.

Укук коргоочу Алай райондук милициясынан окуяны териштирип, көзөмөлгө алуусун талап кылды. Ал ошондой эле акыйкатчы Атыр Абдрахматовага да кайрылып, окуяны иликтеп, укуктук баа берүүнү талап кылды.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Сары-Могол айылда үч жашар баланын сабалганы тууралуу маалыматты тастыктады. Жаш бала медициналык жардам алуу үчүн райондук ооруканага жаткырылды.

Милициянын маалыматында баланын ата-энеси ажырашып кетип, аял синдиси менен күйөө баласына уулун жай мезгилине чейин карап берүү үчүн таштап кеткен. Бирок жубайлар балага зомбулук көрсөтүп турушкан.

«Кошуналары жаш балага зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүн байкалып, айылдагы социалдык иштер боюнча кызматкерге телефон аркылуу кабарлашкан. Кызматкер баланын денесинде ар кандай жаракаттары, колдору буттары көгөрүп, баштары жарылып жана сыйрылган жаракаттары бар болгондуктан, баланы алгач айылдык ооруканага, кийин райондук бейтапканага алып келген», — деп түшүндүрүндү Ош ОИИБден.

Текшерүүдө баланын күбөлүгү жок болуп чыккан. Учурда милиция анын өздүгүн, ата-энесинин ким экенин тактап жатат.

Ур-токмокко кабылган балага экспертизалар дайындалды. Милициядан анын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жубайлардын аракетине юридикалык баа берилет дешти.

Балдарга карата зомбулук учурлары

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган.

400 фактынын 55 учуру — сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Жусупбекова жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгонун айткан.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам көрсөтүү борбору бар. Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.

Дагы окуңуз:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз