Акылбек Жапаров: Карыздан кутулбасак стратегиялык объектилер Кытайга өтүп кетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эгерде Кыргызстан Кытайга болгон карызынан кутулбаса, өлкөнүн стратегиялык үч объектисин башкаруу укугунан ажырай турганын билдирди. Анын айтымында, бул Бишкек ЖЭБи, «Түндүк — Түштүк» альтернативдик жолу дана «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиялары. Бул тууралуу Жапаров парламенттин 29-июндагы отурумунда айтты. Отурумда депутаттар өкмөттүн 2022-жылдын биринчи жарымында аткарган иштери боюна отчётун угушту.

Жапаровдун айтымында, 2023-2028-жылдар аралыгында Кыргызстан 400-460 млн доллар тышкы карызды төлөшү керек.

«Сырткы карыздын 50%ын Кытайдын “Эксим банкына” төлөйбүз. Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, ага стратегиялык объектилерибиз өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Ал буга чейин Шри-Ланка жана Пакистанда объектилерди башкаруу укугу кытай компанияларына өткөн учурлар бар экенин кошумчалады.

Бишкек ЖЭБи, «Түндүк — Түштүк» альтернативдик жолу жана «Датка-Кемин» электр өткөргүч линиялары Кытайга өтүп кетиши мүмкүн экенин Кыргызстандын бийлиги биринчи жолу айтып жаткан жок. Буга чейин бул тууралуу президент Садыр Жапаров дагы айткан.

«Мисалы, ЖЭБ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деп айткан президент.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 28-февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 119,15 млн. долларды түзөт. Анын ичинен ички карыз 817,31 млн. доллар болсо, тышкы карыз 4 млрд. 301,84 млн. долларга жеткен.

Кыргызстандын Кытайдан карыз алып жасалган долбоорлору

«Датка-Кемин» электр чубалгысынын курулушу 2015-жылы аяктаган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанк» банкынан жылына эки пайыздык үстөк менен 20 жылдык мөөнөткө 390 млн доллар карыз алган. Кыргызстан менен «Эксимбанк» бул кредиттик келишимге 2012-жылы кол койгон.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачылды. Бул атайын эсептин алгачкысы эмес

Кыргызстан борбор калаанын ЖЭБин жаңыртуу үчүн дагы насыя алган. Анда Кытай Кыргызстанга 386 млн доллар бөлгөн.

Келишимге ылайык, жыйынтыгында Кыргызстан үстөк пайызын кошо эсептегенде жалпы 500 млн доллар насыяны төлөп берүүгө тийиш. Модернизацияны кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырган. Долбоор үчүн субподрядчиктерди жалдоо жана жабдууларды сатып алуу иштерин дагы TBEA өз мойнуна алган.

Бишкек ЖЭБди жаңылоо тууралуу келишим 2013-жылы түзүлгөн. Ал эми долбоор өзү 2017-жылы аягына чыккан. Жыйынтыгында долбоор аяктагандан кийин бир жылга жетпей Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Авариядан кийин келишимге катыштыгы бар бир катар аткаминерлер сот жообуна тартылган. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда премьер-министрлик кызматты аркалаган Сапар Исаков дагы бар.

Дагы окуңуз: Парламенттик комиссия ЖЭБди жаңыртуунун чыгымын иликтеп чыкты

Кытай Кыргызстанга дагы бир чоң насыяны Бишкек — Ош багытындагы альтернативалык «Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу үчүн берген. 2013-жылы эле Жогорку Кеңеш бул жолдун курулушу боюнча насыялык макулдашууну жактырган.

Курулуш иштери 2014-жылы башталган, курулуш долбоорун үч фазага бөлүү чечими чыгарылган:

  • биринчи фаза (154 км) — Кызыл айылынан Жылдыз-Аралга чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин;
  • экинчи фаза — узундугу 96 километрди түзгөн Арал — Казарман тилкеси, анын ичине 700 метрлик туннель да кирет;
  • үчүнчү фаза — Балыкчы — Кызыл-Жылдыз жолунун бөлүгү.

Кыргызстандагы курулуштун жалпы наркы 850 млн долларды түзгөн, дээрлик 400 млн доллар насыя түрүндө алынган.

Кытайдан тышкары, бул жолду курууга Азия жана Ислам Өнүктүрүү Банктары да насыя берген. China Road & Bridge Corporation жол куруу ишканасы бул долбоордун негизги жалданмачысы.