Маркум Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

30-июнда Биринчи май райондук соту саясат таануучу Марат Казакпаевге козголгон кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим Казакпаевдин көзү өтүп кеткенине байланыштуу кабыл алынганы белгиленди.

Марат Казакпаевдин өлүмү

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

16-июнда Акыйкатчы Атыр Абрахматова саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Басма сөз кызматынан комиссия Казакпаевди камакта кармоо шарттарын, негиздерин жана УКМКнын ТИЗОсунда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болгон же болбогонун иликтей турганын билдиришкен.

Кийинчерээк президенттин администрациясы Садыр Жапаров саясат таануучунун өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү тапшырганын кабарлаган. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.