Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түздү

Акыйкатчы Атыр Абрахматова саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түздү. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтан билдиришкендей, комиссия Казакпаевди камакта кармоо шарттарын, негиздерин жана УКМКнын ТИЗОсунда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болгон же болбогонун иликтейт.

«Комиссиянын курамына Акыйкатчы аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун, “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди», — деп билдиришти Акыйкатчынын аппаратынан.

Ал жактан Башкы прокуратура комиссиянын ишине байкоочу катары катышарын белгилешти.

Казакпаевдин өлүмү

Марат Казакпаев өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген эксперт катары белгилүү болчу.

Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Эртеси, 10-июнда көз жумган.

УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан уюп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен. Мамлекеттик комитеттен 9-июнда Казакбаевдин абалы кескин начарлап, УКМКнын демилгеси менен дароо реанимацияга жеткирилгенин кошумчалашкан.

Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттук-медициналык экспертиза өткөрүү үчүн арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирген.

«Өлүмүнүн себептерин жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп-көрсөтүлбөгөнүн текшерүү керек. УКМКнын ТИЗО жана медициналык кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин текшеребиз. Канчалык деңгээлде туура жана өз убагында жардам көрсөтүштү, суроолор бар. Олуттуу маселе, адам каза болуп жатат. Өлбөш керек болчу», — деген ал.

13-июнда Акыйкатчы институту Казакпаевдин өлүмүн жагдайын иликтей турган коомдук комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда «Новые лица» басылмасына маек куруп, Казакпаевдин өлүмүнө бийликтин «эч кандай тиешесиз жоктугун» айткан. Анын айтымында, саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

Анын айтымында, Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турган жана абалы канааттандырарлык деп бааланган».